Мамлекет бензиндин, дизелдин жана автогаздын баасын кымбаттатпай кармап туруу үчүн күйүүчү-майлоочу май ташыган компанияларга бюджеттен субсидияга болжол менен 1 миллиард сом коротту.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы кабарлагандай АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин иш жүзүндөгү баасы 111–118 сом болсо ал Кыргызстанда 87,9 сомдон сатылууда. Ортодогу 23,1–30,1 сом айырманы кара май ташыган компанияларга мамлекет төлөп берип жатат. Дизелдин өздүк наркы 125–137 сом болсо ал керектөөчүлөргө 99,9 сомдон сатылып жатат жана 25,1–37,1 сом айырма бюджеттен берилүүдө. Ал эми автогаздын иш жүзүндөгү баасы 51–54 сом деп эсептелсе элге 48,8 сомдон сатылууда. Ортодогу айырма 2,2–5,2 сомду түзөт.
Жакынкы Чыгыштагы абал жана Украинанын Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасаган чабуулдары дүйнөдө кара майдын кымбатташына алып келди.
Бийлик абалды жөнгө салып, бензиндин, дизелдин баасы кескин кымбаттап кетишин алдын алуу үчүн 25-майдан тартып АИ-92, газ жана дизелге мамлекеттик субсидия киргизген. Ал 30-сентябрга чейин уланат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген соңку интервьюсунда Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбаттай турганын айткан.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев буга чейин Кыргызстан Кытайдан, Түркиядан жана Беларустан күйүүчү май ташып келгенин айткан. Ал 30-июлда Кыргызстан Орусиядан айына 100 миң тоннадан күйүүчү-майлоочу май алып келүү боюнча келишимге кол койгонун кабарлаган.
Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат. (BTo)