Мавлян Аскарбеков коюлган айып боюнча комментарий берди

Мавлян Аскарбеков Бишкектин Ленин райондук сотунда. 20-август, 2026-жыл.

Саясатчы Мавлян Аскарбеков 20-августта Бишкектин Ленин райондук сотунан конвойлордун коштоосунда чыгып баратып, ага каршы козголгон кылмыш иши боюнча кыскача комментарий берүүгө жетишти.

“Президент “сөз эркиндиги бар” деди. Мен өз оюмду өкмөткө кайрылып айттым. Жашыруун тартылган видео монтаждалган”, - деди ал.

Райондук сотто 20-августта алгачкы соттук угуу өттү. Саясатчынын адвокаты Эрик Ирискулбеков судья Мавлян Аскарбековду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн четке какканын, 24-августтагы отурумда тергөөдөгү далилдерди жокко чыгаруу боюнча өтүнүч караларын айтты.

Анын сөзүнө ылайык, Мавлян Аскарбековго Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүсүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айып тагылууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кылмыш иши боюнча маалымат бере элек.

Мавлян Аскарбеков кармалганы 12-июндун кечинде белгилүү болгон. Ошол күнү ал Фейсбуктагы баракчасына ага провокациялык мүнөздөгү маалыматтар таратылып жатканын, үйүнө УКМКнын кызматкери барганын жазган.

47 жаштагы Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү окуяларды активдүү комментарийлеген саясатчылардын бири. Ал бийликтин айрым иштерин сынга алган пикирлери менен бөлүшүп келген. (BTo/DSh)

Дагы караңыз

Киевге жапырт соккуда 10дон ашуун киши каза болду, 40тан ашууну жараат алды Жапырт кармалган саясатчылардын камактагы мөөнөтү эки айга узартылдыКыргыз жарандары Кытайга 10 күнгө чейин визасыз кире алышатУкраиналык дрондор Нижнекамскиде мунай заводуна, Кубанда терминалга, электр станциясына сокку урду Румыния: Украина менен чек арага жакын жерге дрон кулады Мамлекет күйүүчү майдын баасын кармап туруу үчүн 1 миллиард сом короттуУкраина: Жогорку Рада коргоо министри кызматына Хмараны бекитти Орусиянын Житомирге соккусунан эки полиция кызматкери каза тапты, 40ка жакыны жараат алды Казакстанда жол кырсыгынан эки кыргыз жараны каза болду