Орусиянын Ички иштер министрлигинин Миграция кызматынын маалыматына ылайык, Москва метросунда 140ка жакын чет өлкөлүк жаран кармалып, полиция бөлүмдөрүнө жеткирилген. Алар рейд учурунда бир нече саатта кармалгандар.
Мекеме кармалган адамдар Орусияда миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөнүн жана "көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине" киргизилгенин билдирди. Эми аларды өлкөдөн чыгаруу жана кайра кирүүсүнө тыюу салуу пландалууда.
ИИМ мыйзамсыз жүргөн мигранттар “жаңы технологиянын” жардамы менен аныкталганын билдирүүдө.
"Мындай натыйжаларга Орусиянын аймактарындагы инфраструктуралык объектилер, аэропортторду, темир жол бекеттерин, шаардык транспортту, дарыя портторун жана башка жайларды, анын ичинде Москва метросун камтыган атайын системаны ишке киргизүүнүн аркасында жетишилди", - деп айтылат билдирүүдө.
ИИМ ал эмне болгон “жаңы технология” экенин ачыктаган эмес. Өздөрү тараткан тасмада полиция кызматкерлери маалыматтарды текшерүү үчүн тиркемени колдонуп жатканы көрсөтүлгөн. Видео ачык эмес, бүдөмүк көрсөтүлгөн.
Министрлик бул тажрыйба өзүнүн натыйжасын көрсөткөнүн, мындан ары бул иш-чара Орусиянын башка аймактарында дагы ырааттуу жүргүзүлүп турарын билдирди.
Кармалгандар кайсыл өлкөнүн жарандары экени маалыматта көрсөтүлгөн эмес.
2025-жылдын 1-сентябрынан тартып Москвада жана Москва облусунда "Амина" тиркемеси расмий түрдө ишке киргизилген. Ага ылайык, чет өлкөлүк жарандар өздөрүнүн геолокациялык маалыматтарын Ички иштер министрлигине жөнөтүү үчүн бул тиркемени колдонууга милдеттүү. Эгерде жайгашкан жер тууралуу маалымат үч күндөн ашык убакыт бою жаңыланбаса, мигранттар "көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине" киргизилет. Алардын тизмеге кошулганы тууралуу өзүнчө билдирүү жөнөтүлбөйт.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги быйыл 1-сентябрдан тарта Москва шаарында жана Москва облусунда жүргөн чет өлкөлүк жарандарга миграциялык каттоого туруу үчүн “Амина” мобилдик тиркемесин милдеттүү түрдө орнотуу зарылдыгын эскерткен.
Бул тиркемени 18 жашка чейинкилер менен катар бул аймакта окуган студенттер, эмгек мигранттары жана үй-бүлө мүчөлөрү жана 90 күндөн ашык конокко барчулардын баары телефондоруна көчүрүүгө милдеттүү болот.
Орус бийлиги аталган мобилдик тиркемени мигранттарды каттоо, көзөмөлдөө үчүн киргизген.
Тиркеме Москва шаары жана Москва облусунда чет өлкөлүк жарандардын жашаган жерин санарип форматта көзөмөлдөөдө колдонулуп, аны иштете албаган айрым мигранттар өлкөдөн чыгарылып жатканы айтылган.
Мындан сырткары Орусия мигранттарды RuID тиркемеси аркылуу дагы көзөмөлдөөнү көздөп жатат.