Мэр Жунушалиев борбордо таштанды иштеткен дагы бир завод куруларын айтты

Айбек Жунушалиев.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбордо Кытай таштандыны кайра иштетүүчү дагы бир завод курарын айтты. Анын сөзүнө караганда, 230 млн долларга бааланган долбоор буга чейин ачылган таштандыны кайра иштеткен заводдон эки эсе кубаттуу болот.

2025-жылдын декабрь айында таштандыны иштетип, электр кубатын өндүргөн эко-технологиялык завод ачылган. Завод жылына 365 миң тонна таштанды иштетип, саатына 30 МВт кубаттуулуктагы электр энергиясын өндүрө алат.

Долбоорду Кытайдын “Цзюнсин Хуанбао Кей Жи Инвест” компаниясы ишке ашырып, бул үчүн 95 млн доллар инвестиция салган. Завод 12 гектар жерге курулган. 35 жылдан кийин аны кыргыз өмөтү өз карамагына алат. Бул ишкана Борбор Азияда таштандыны электр энергиясына айландыруучу алгачкы завод болуп эсептелет.

Бишкектеги таштанды жайы 1978-жылдан бери колдонулуп жатат жана убагында ал 400 миң кишилик шаарга эсептелген. Азыр борбордо миллиондон ашык киши жашайт.

Кыргызстанда, айрыкча борбор калаада таштандыны чогултуу жана кайра иштетүү маселеси орчундуу көйгөйлөрдүн бири. Буга чейин маселени чечүү үчүн эл аралык донорлор берген миллиондогон долларлык каражаттын кайсы бир бөлүгү уурдалганы, жемкорлукка айыпталган жетекчилерге жана жооптуу кызматкерлерге кылмыш иши козголгону, алардын айрымдарына издөө жарыяланганы маалымдалган. (BTo)

Дагы караңыз

Непал, Тибет: суу ташкындан каза болгондор 750гө жетти, үч миңден ашууну дайынсызБелгороддо ЖЭБге жана Ozon'дун кампасына ракета менен сокку урулду, каза тапкандар бар Украинанын Башкы штабы: Орусия өткөн суткаларда миңден ашуун аскерин жана беш танкын жоготтуГермания Орусияны Лейпциг аэропортундагы диверсия үчүн айыптоону көздөп жатат Бишкектин мэри “Мадина” базарындагы өрттүн чыгымы эсептелип жатканын айттыБир катар өлкөлөрдүн лидерлери Кыргызстанды Эгемендик күнү менен куттуктадыКыргызстанда Эгемендиктин 35 жылдыгы белгиленип жататАбактагы Жээнбеков соттолгон саясатчылардын “Ырыс ордонун” ачылышына чакырылганын сындады