Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев президент Садыр Жапаров 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкер болуп катталгандан кийин саясий иш-чара учурунда кызматын убактылуу тапшырбай турганын билдирди. Бул тууралуу ал журналист Али Токтакуновго берген маегинде айтты.
“Мыйзам боюнча президент өзү президент катары келаткан шайлоого катыша берет. Эч кандай чектөө жок. Бардык функцияларын толук аткарат. Бийликтин үч бутагы кандай иштесе ошондой иштей берет. Президенттин милдетин аткаруучу деген жок”, - деди ал.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын II сессиясы 2-сентябрда ишин баштайт. Марлен Маматалиев буга чейин парламент президенттик кезектеги шайлоону 27-сентябрга чейин дайындашы керектигин, бул маселе 16-17-сентябрь күндөрү күн тартибине киргизилип, токтом кабыл алынат деп күтүлүп жатканын айткан.
Садыр Жапаров июль айынын аягында мындан ары президенттик шайлоону иштеп жаткан президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Демек, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтүшү мүмкүн. Садыр Жапаров келерки президенттик шайлоого катышарын, бардык талапкерлерге шарт түзүлө турганын айткан.
Шайлоонун датасын Жогорку Кеңеш белгилейт.
Кыргызстанда иштеп жаткан президент шайлоого талапкер болуп катталган учурда анын милдетин парламенттин төрагасы аткарып калган учур болгон. 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп калган. 2021-жылдын 10-январына президенттик шайлоо дайындалгандан кийин Садыр Жапаров талапкер болуп катталып, кызматын тапшырган. Жогорку Кеңештин ошол кездеги спикери Талант Мамытов президенттин милдетин аткаруучу болуп калган.
Шайлоо тууралуу Марлен Маматалиевдин соңку сөзүнө “Ынтымак ордо” комментарий бере элек. (BTo)
Дагы караңыз
Садыр Жапаров менен Си Цзинпин Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Кыргызстанга келдиКыргыз-кытай чек арасындагы Үзөңгү-Кууш суусуна көпүрө курулатОрусиянын полициясы Москва метросунда 140 мигрант кармалганын билдирдиМэр Жунушалиев борбордо таштанды иштеткен дагы бир завод куруларын айттыНепал, Тибет: суу ташкындан каза болгондор 750гө жетти, үч миңден ашууну дайынсызБелгороддо ЖЭБге жана Ozon'дун кампасына ракета менен сокку урулду, каза тапкандар бар Германия Орусияны Лейпциг аэропортундагы диверсия үчүн айыптоону көздөп жатат Бишкектин мэри “Мадина” базарындагы өрттүн чыгымы эсептелип жатканын айтты