Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга келди

Режеп Тайып Эрдоганды Адылбек Касымалиев тосуп алды.

31-августта Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга жумуш сапары менен келди. Эки өлкөнүн лидерин “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Владимир Путин Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, “ШКУ+” форматындагы жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат. Режеп Тайып Эрдоган да көчмөндөр оюндарынын ачылышына жана “ШКУ+” жолугушуусуна катышат.

31-августта Кыргызстанга Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф келди.

Андан тышкары коңшу Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын президенттери Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмомали Рахмон түшкөн учак дагы бүгүн "Манас" аэропортуна конду.

30-августта Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген.

2001-жылы түптөлгөн ШКУга Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан, Индия, Иран жана Беларус кирет. (BTo)

Дагы караңыз

"Кара-Суу" базарында чыккан өрт өчүрүлдүШКУ: Бишкекке бир катар өлкөлөрдүн лидерлери келдиБир катар өлкөлөрдүн лидерлери Кыргызстанды Эгемендик күнү менен куттуктадыСадыр Жапаров менен Си Цзинпин Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту Спикер президенттик шайлоодо Жапаров кызматын убактылуу тапшырбай турганын айттыСадыр Жапаров АКШ өкүлү менен виза маселесин талкууладыКыргыз-кытай чек арасындагы Үзөңгү-Кууш суусуна көпүрө курулатИрандын президенти Масуд Пезешкиан Кыргызстанга келдиОрусиянын полициясы Москва метросунда 140 мигрант кармалганын билдирди