Президент Садыр Жапаров 1-сентябрда Кыргызстанга иш сапар менен келген Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү өткөрдү.
“Ынтымак ордо” эки өлкөнүн мамлекет башчылары кыргыз-орус кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, энергетикалык жана гуманитардык тармактардагы маселелерин талкуулашканын кабарлады.
Кремлдин маалыматында Владимир Путин Садыр Жапаровго Кыргызстанда орус тилине болгон колдоого ыраазычылык билдирди.
“Республикада расмий макамга ээ орус тилине болгон сиздин колдооңузду баалайбыз. 2023-жылы биргеликте Кыргызстанда орус тилинде билим берген тогуз орто мектептин курулушун баштаганбыз. Алгачкы үч мектепти 2027-жылдагы окуу жылына ишке беребиз деп турабыз”, - деди ал.
2023-жылы Кыргызстанда “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилин билүү жана аны жумуш ордунда колдонуу талаптарын күчөткөн. Бирок ошол эле учурда расмий тил болгон орус тилинин Конституциядагы орду жана колдонулушу сакталып калган. (BTo)