Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түштүк Кореянын өкмөттөрүнүн ортосунда пенсиялык камсыздоо боюнча келишимди иштеп чыгуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү тездетип, документти кол коюуга даярдоону сунуш кылды.
Бул тууралуу ал 17-сентябрда Сеул шаарында Түштүк Кореянын премьер-министри Хан Сон Сук менен сүйлөшүүлөрдө айтты. Президент бул өлкөдө иштеген кыргызстандыктар көбөйүп жатканын кошумчалап, Кыргызстан Түштүк Кореядан инвесторлорду тартууга кызыкдар экенин билдирди.
“Биз айрым инвестициялык долбоорлорду гана ишке ашырууга эмес, корей бизнесинин Кыргызстанда кеңири жана узак мөөнөттүү катышуусуна кызыкдарбыз. Өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө, биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүгө жана өндүрүштү локалдаштырууга өзгөчө көңүл бурабыз”, - деди ал.
Садыр Жапаров корей компанияларын автоунаа өндүрүшү, фармацевтика, текстиль өнөр жайы, электроника тармактары сыяктуу багыттардагы долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды.
Садыр Жапаров Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мёнун чакыруусу менен 15-сентябрда расмий сапары менен Сеулга барган. Сапардын алкагында мамлекет башчы “Борбордук Азия - Корея” биринчи саммитине катышып, анын алкагында “Сеул декларациясы” кабыл алынды.
Кыргызстан менен Түштүк Корея дипломатиялык мамилеси 1992-жылы түптөлгөн. Эки өлкөнүн кызматташтыгы соода, инвестиция, билим берүү, саламаттык сактоо жана эмгек миграциясына чейин кеңейди. 2007-жылдан бери кыргызстандыктар Түштүк Кореяга EPS программасы аркылуу мыйзамдуу ишке жөнөтүлөт. Учурда бул программа менен өлкөдө 1600дөн ашуун кыргызстандык эмгектенет. (BTo)