Кыргызстанда банктар санкцияга кабылган компаниялардын бирдиктүү “кара тизмесин” түзүп жатат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри, президенттин санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыков The Times of Central Asia басылмасына курган маегинде айтты.
Ал Кыргызстанда санкцияларды айланып өтүүгө тиешеси бар компаниялардын ишин тез арада токтотуу менен иш алып барган жумушчу топтор түзүлгөнүн жана коммерциялык банктар менен да жумуш жүрүп жатканын билдирди.
“Банктар санкцияга кабылган субъекттердин “кара тизмесин” иштеп чыгууда. Ошондуктан алар келечекте банктардын кызматын пайдалана алышпайт”, - деди ал.
2026-жылдын май айында Юстиция министрлиги санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу деп табылган 50 компания жабылганын билдирген. “Азаттык” алардын 47синин аталышын аныктаган. Август айында Экономика жана коммерция министрлиги Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга каршы санкцияларын кыйгап өтүүгө байланышы болушу мүмкүн делген дагы 19 ишкананы күч менен жабарын кабарлаган.
23-апрелде Евробиримдик Кыргызстанга санарип программалык башкаруусу бар станоктордун жана радио жабдууларынын айрым түрлөрүн жеткирүүгө биринчи жолу тыюу салган. Брюссель мындай товарлар Кыргызстан аркылуу Орусияга реэкспорттолуп, дрон жана ракета өндүрүшүндө пайдаланылышы мүмкүн деп кооптонууда.
Евробиримдиктин маалыматына ылайык, акыркы мезгилде мындай товарлардын Кыргызстанга импорту дээрлик он эсе, ал эми Кыргызстандан Орусияга экспорту 12 эседен ашык өскөн.
Кыргызстандын бийлиги эл аралык санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деген айыптоолорду четке кагып келет.
“Азаттыктын” эсебинде 2026-жылдын июнуна карата 31 кыргызстандык компания Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына илинген. Анын ичинде беш банк – “Керемет банк”, “Капитал банк”, “Толубай банк”, “Евразиялык сактык банкы” жана “ЭкоИсламикБанк” санкцияга кабылган. (BTo)