"Жашоо кооптуу болуп калды". Москвага жапырт соккулар мигранттарды бушайманга салды

Москва. 20-сентябрь, 2026-жыл

Украиналык дрондордун Москвага жапырт чабуулунан кийин айрым кыргызстандык мигранттар мекендештерине кайрылып, орус башкалаасына келбей турууну эскертүүдө. Орусиянын миграциялык катаал саясатына карабай бул өлкөдө иштеп жүргөн жүз миңдеген кыргызстандыктар бар. Көпчүлүгү Москвада эмгектенет.

Орусия Украинага негизсиз бастырып кирип, согуш ачкандан бери мигранттар түрдүү тоскоолдуктарга кабылууда. Бирок ошого карабастан миграциянын агымы токтогон жок.

Социалдык тармактарда өрттөнүп жаткан мунай заводдун көптөгөн видеолору жарыяланды. Москвадагы кыргызстандыктар да чабуул учурунда тартылган видео, сүрөттөр менен бөлүшүп жатышат. Арасында Орусияда жашоо кооптуу болуп калганын айтышып, мекенине кайтуу керектигин айткандар бар.

"Бүгүн таңкы саат 4төн баштап жардыруу башталды, кыздарым менен жер төлөдө отурдук, ошондо мекенибизге кетким келди", - деди Инстаграмдагы Замира аттуу колдонуучу.

Инстаграмдагы дагы бир баракчада асманга көтөрүлүп жаткан коюу кара түтүн көп кабат үйлөрдүн бирининин терезесинен тартылган тасма жарыяланды. Баракчанын ээси да видеонун алдына: "Болду кетем", - деп жазган.

Тасмада уюлгуп асманга көтөрүлүп жаткан коюу кара түтүн менен кошо жардыруулардын үнүн да угууга болот.

Москвада жашаган Акын аттуу кыргызстандык жаран украиналык дрондордун жапырт чабуулунан кийин мекендештерине кайрылып, орус башкалаасына баруу кооптуу болуп калганын айтты.

20-сентябрдын таңында украиналык дрондор Москвага жана Москва облусуна жапырт чабуул койду. Соккуда Капотнядагы мунай иштетүүчү завод да бутага алынган.

Москванын мэри Сергей Собянин муну "согуш башталгандан берки эң ири дрон чабуулу" деп мүнөздөдү. Анын айтымында, Москвага жакын аймактарда жана шаардын үстүндө жалпысынан 1600гө жакын дрон атып түшүрүлгөн. Собянин учкучсуз учактар мунайды кайра иштетүүчү заводго тийгенин, турак жайларга зыян келтирилгенин ырастады.

Москва. Котельникидеги дрон тийген көп кабаттуу үй

ASTRA басылмасынын маалыматына караганда, Москвадагы Борисовские Пруды көчөсүндөгү 16к2 номурлуу үйдүн жанында дрон кулап, жарылган. Бул шаардын түштүк-чыгыш бөлүгү. Жекшембидеги соккуларда Москва шаарында жана облусунда жалпы үч киши каза тапты.

(макала толукталат)