Президент Садыр Жапаров 21-сентябрда Америка Кошмо Штаттарындагы (АКШ) иш сапары алкагында Нью-Йоркто StoneX Group кеңсесине барып, корпорациянын жетекчилиги менен жолугушту.
“Ынтымак ордо” тараткан видеодо Садыр Жапаров Кыргызстандын экономикасы өлкөдө уюшкан кылмыштуу топторго жана коррупцияга каршы күрөштөн улам көтөрүлүп жатканын айтканын көрүүгө болот. Президент буга чейин уюшкан кылмыштуу топтор мамлекет башчыга, премьер-министрге чейин таасир этип келген болсо азыр алар толугу менен жок болгонун айтты. Ал эми коррупцияга каршы күрөш бир аз оор болуп жатканын, азыр да толук жоюла электигин билдирип, Кыргызстан Орусияга салынган санкцияларды бузбаганын кошумчалады.
“The New York Times'тан өткөндө окуп калдым. Кыргызстандын экономикасынын көтөрүлгөнүн абдан жакшы жазыптыр. Бирок “Орусия менен Украинанын согушуна байланыштуу Кыргызстан Кытайдын жана Европанын товарын Орусияга ташып, ошондон улам экономикасы көтөрүлүп жатат. Болбосо көтөрүлбөйт эле” деп жазыптыр. The New York Times муну туура эмес жазган. Биз Орусияга мурдатан эле товар сатып келебиз. Кытайдан да товар экспорт кылабыз. Бирок согуш товарларын эмес. Биз согушка тиешеси бар бир да товарды документ боюнча да, факт түрүндө да жиберген жокпуз. Биз санкциялык чектөөлөрдү, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мыйзамдарын сыйлаган мамлекетпиз”, - деди президент.
Садыр Жапаров АКШдагы иш сапарынын алкагында Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын жалпы дебаттарынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышат.
Батыш өлкөлөрү 2022-жылы орус аскерлеринин Украинага басып киришине байланыштуу Орусияга каршы санкцияларынан сырткары ага көмөктөшкөн деп эсептелген мамлекеттердеги компанияларга да экинчи деңгээлдеги санкцияларды салып келет.
Кыргызстандагы компанияларга 2023-жылы май айында биринчи жолу санкция салынган. Кыргыз бийлиги жеке компанияларды текшерүүгө алып жатканын билдирип, банктарга салынган санкцияларды алууга чакырган.
“Азаттыктын” эсебинде 2026-жылдын июнуна карата 31 кыргызстандык компания Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына илинген. Анын ичинде беш банк – “Керемет банк”, “Капитал банк”, “Толубай банк”, “Евразиялык сактык банкы” жана “ЭкоИсламикБанкы” бар.
Министрлер кабинети быйыл май айында санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу Кыргызстандагы 50 ишкананын ишин токтоткон. Өкмөт бул компанияларга АКШ менен Улуу Британия доо койгонун билдирген. “Азаттык” алардын 47синин аталышын аныктаган.
Кыргызстандын бийлиги август айында Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга каршы санкцияларын кыйгап өтүүгө байланыштуу болушу мүмкүн делген дагы 19 компанияны күч менен жабарын билдирген. (BTo)