Бекер окуу китептери сатыкка кантип чыккан?

“Учкун” ачык акционердик коомунан басылып чыккан китептер

Кыргызстанда мектептердеги окуучулардын коопсуздугу менен катар буга чейин козголгон китеп маселеси дагы курч бойдон турат. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 21-сентябрда атайын кеңешме өткөрдү.

Буга чейин мектепте китеп тартыш маалда базарда ээн-эркин сатылып жатканы парламентте айтылып, өкмөт муну текшерүү тапшырмасын берген. Ушул тапта мамлекеттин эсебинен басылып, мектепке бекер бериле турган китептер кандайча базарга сатыкка чыгып кеткенин тууралуу суроо жоопсуз турат.

Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин отурумунда мектептерди китеп менен камсыздоодогу көйгөйлөр жабык каралды. Жыйында бул иштер боюнча укук коргоо органдары кылмыш ишин козгогону белгилүү болду. Бул тууралуу комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков учкай кыйытты.

“Жакында эле президентибиз Садыр Жапаров кошумча 7 миллиард сом бөлүп берди. Эмне себептен булар эсептелген жок? Ар бир мектеп, ар бир окуучу, ар бир предмет боюнча окуу китеби... Келип-келип чоң көйгөйлүү маселе болуп, өлкө боюнча талкууга алганынан улам биздин комитет да коррупциялык элементтер барбы деген ой менен бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерин чакырдык. Бул боюнча кылмыш иши козголуптур. Ошондуктан биз купуя карасак”.

Жыйын жабык уланганы үчүн журналисттер кирген жок. Айрым депутаттар “Азаттыкка” айткандай, укук коргоо органдары 15 күндүн ичинде маселени толук аныктап чыгууну убада кылган. "Азаттыктын" укук коргоо органдарындагы булактары бул көрүнүш боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 210-беренеси - "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу" менен иш козголгонун билдирди.

Ички иштер министрлиги кылмыш иши козголгону жана башка жагдайлар боюнча маалымат бере элек.

“Бул иш боюнча тергөө амалдары уланып жатат. Тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу азырынча маалымат бере албайбыз”, - деди ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов "Азаттыкка" учкай комментарий берип.

Дагы караңыз

"Мектепте жок китеп базарда турат". Окуу куралдары эмнеге жетишсиз?

Мындан бир күн мурун Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мектептердеги окуу китептери боюнча жыйын өткөрүп, тапшырмаларды берген.

“Ынтымак ордонун” маалыматына караганда, 2026-жылы республикалык бюджеттен окуу материалдарына башта 744 млн сом каралып, кийин дагы 16 млн сом бөлүнгөн. Бул каражатка 3 млн 668 миң 606 окуу материалдарын чыгаруу пландалган. Алардын 2 млн 455 миң 868 даанасы мектептерге жеткирилген. Бүгүнкү күнгө карата 1 миллиондон ашуун даанасы жеткирүү баскычында турат.

“Касымалиев окуучуларды окуу китептери менен камсыздоо маселеси артыкчылыктуу экенин баса белгилеп, өлкө базарларында окуу куралдарынын эркин сатылып жатканы аныкталган жагдай боюнча укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү текшерүү жүргүзүлүп жатканын, анын жыйынтыгы боюнча катаал чаралар көрүлөрүн кошумчалады”, - деп жазылган Минкабдын маалыматында.

Маселе алгач парламентте көтөрүлүп, мектептерде таңкыс болгон китептер базарда сатылып жатканы боюнча суроо коюлган. Окуу китептерин басып чыгаруу боюнча жалгыз укук “Учкун” басмаканасына берилгени үчүн бул маселе өкмөттү оңтойсуз абалга кептеди. Парламенттин ар кайсы жыйындарында бул маселе улам көтөрүлүп келатат.

"Буга тергөө чекит коюшу керек. Анткени ар кандай ой-пикирлер айтылып жатат. Мүмкүн жасалма китептер деген сөздөр бар. Андай китептер болсо экспертиза аркылуу такташ керек. Бүгүнкү күндө маалыматтык технология өнүгүп жаткан убакта китептер каякта жасалганын, бүт баарын билсе болот", - деди вице-спикер Болот Ибрагимов.

Дагы бир депутат Айбек Алтынбеков бул маселеге президент өзү киришкени үчүн баары ордуна түшөт дейт.

"Биздин министрликте жок китеп базарга чыгып кеткен. Бул өкүнүчтүү. Министрлик окуучуларыбызды китеп менен камсыз кылып бериши керек болчу. Бул милдеттүү түрдө. Акча каражаты бар, жок эмес. Мен кайсы себеп менен ким аркылуу базарга чыгып кеткенин билбейм. Президент өзү муну колуна алды. Эми баары ордуна түшөт деп ойлойм".

Дагы караңыз

PISA-2025: Кыргызстан билим сапатынан Өзбекстан, Казакстандан артта калды

Бул маселенин тегерегинде талкуулар жүрүп, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев базарларда окуу китептеринин сатылышын текшерүү тапшырмасын берген. Буга чейин Агартуу министрлиги мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептери сатууга чыгарылбай турганын кабарлаган.

17-сентябрда “Учкун” ачык акционердик коому басма сөз жыйынын уюштуруп, басмакана Агартуу министрлигине жана менчик мектептерге китеп басып чыгарып берерин, аны колдонууга көзөмөл жүргүзбөй турганын билдирди.

Агартуу министрлиги мектептерде жетишпей жаткан китептер базарда сатылып жатканы тууралуу көйгөй жаралганга чейин эле бул маселени текшерүү өтүнүчү менен Улуттук коопсуздук комитетине, Ички иштер министрлигине кайрылганын кабарлаган.

Коомдоогу талкуудан кийин президент Садыр Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлгөнү расмий кабарланган.

Социалдык тармактарда жаңы басылып чыккан китептердин маани-мазмуну боюнча да сын-пикирлер айтылууда. Айрым ата-энелер китептердеги тапшырмалар түшүнүксүз экенин, сүйлөмдөр татаал түзүлүп, ката кеткен учурлар да бар экенин жазышууда.