Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:35

"Балдар орусча сүйлөп, эне тилин унута баштады". Кыргыз, англис, кытай тилине басым жасаган мектептер

Бишкектеги жеке менчик "Калем" академиялык мектеби
Бишкектеги жеке менчик "Калем" академиялык мектеби

Быйыл Кыргызстанда 147 миңге жакын окуучу 1-класска барды. Агартуу министрлиги мектеп босогосун аттаган балдардын 60% кыргыз 40% орус тилдүү класстарга барганын билдирди. Бишкек жана башка ири шаарларда орус тилдүү мектептерге талап күч бойдон калууда.

Ошол эле маалда айрым жеке менчик мектептер кыргыз тилине басым жасай баштаган учурлар байкалат.

Бишкекте жаңы ачылган 400 орундуу жеке менчик “Калем” академиялык мектеби быйылкы жаңы жеткинчектерди кабыл алууда. Балдарын кыргыз тилинде окутууну каалаган айрым ата-энелер быйыл ушул мектепти тандашкан экен. Бишкек шаарынын тургуну Салтанат Арыстанбекова буларга токтолду.

Салтанат Арыстанбекова
Салтанат Арыстанбекова

“Бишкектеги ийримдердин көбү орусча экен. Баламды айла жок ошол ийримдерге, мектептен тышкары да орус тилиндеги сабактарга берип келгем. Бирок балам кыргызча жакшы билбей баратат. Ошондуктан “Калем” мектебин тандадык. Бул жакта кыргыз тилине басып жасалып, сабактар эне тилде өтөт экен. Кыргыз тилинде болгон үчүн тандадык. Анткени балам жалаң орусча сүйлөп, кыргыз тилин унута баштады”.

Бишкек шаарынын дагы бир тургуну Марат Токталиев баласын кыргыз тилинде окуткусу келген ата-энелердин бири.

“Балдарыбыз нукура кыргызча сүйлөсүн, кыргыз тилин унутпасын деп кыргыз тилдүү мектеп издеп келдик. Акыры ушу мектепте токтолдук”.

Жаңы окуу жылы: балдардын 60% кыргыз, 40% орус тилдүү класска кирди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:53 0:00

Соңку жылдары менчик мектептер арасында кыргыз тилдүүлөрү пайда боло боло баштаганы кызыгууну жаратып жатыптыр. Мындан тышкары жеке менчик мектептерде англис тили менен катар кытай тили боюнча сабактарга да басым жасала баштаган.

"Кытай тили - дүйнөлүк талап"

“Калем” академиялык мектебинин директору Гүлбарчын Самакова буларга токтолду.

Гүлбарчын Самакова
Гүлбарчын Самакова

“Ата-энелердин биринчи кезекте “Менин балам кыргызча сүйлөй албай жатат. Такыр түшүнбөйт. Кыргыз тилин үйрөтүп, окута аласыңарбы” деп сурашты. Мектепке кабыл алган балдардын 80% орусча гана сүйлөшөт. Биз бир жылдан кийин жыйынтык беребиз деп турабыз. Буга кошумча англис жана кытай тили окутулат. Кытай тилин дүйнөлүк талап болуп жаткандыктан коштук. Англис тили бир аптада беш жолу кирсе, кытай тили бир гана жолу өтүлөт”.

"Калем" сыяктуу кыргызча, англисче сабак бергенден тышкары кытай тили да үйрөтүлөрүн айтып, жарнама кылган башка менчик мектептерди да байкоого болот. Алардын бири - кыргыз тилиндеги Учур эл аралык мектеби. Бул мектепте англис тили сабак катары, кытай тили ийрим катары кошулганын билдик.

Өлкөдө 2000ден ашык мамлекеттик, 242 менчик мектеп бар. Көпчүлүк ата-энелер балдарын билим сапатына карап орус тилиндеги мектептерге берип келгени жаңылык эмес. Агартуу министрлиги Бишкекте жана ири шаарларда балдарын орус тилдүү мектептерге окутууну каалаган ата-энелердин саны жогору бойдон калганын белгилейт.

Агартуу министрлигинин мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелисбек Музулманов:

Melis Muzulmanov
Melis Muzulmanov

“Эгер кыргыз мектеп болсо, ошол эле мектепте орус класстар болушу мүмкүн. Бирок кыргыз класска окуучулар толбосо, орус класстардын квотасы көбөйтүлбөйт. Бирок балдарын орус класстарга бергиси келген ата-энелер көп”.

Кыргызстан былтыртан бери 12 жылдык билим берүү системасына өттү. Анын алкагында айрым өзгөрүүлөр болуп, өлкөдө балдар мектепке алты жаштан тарта бара баштады. Окуу жылынын башталышында президент Садыр Жапаров өлкөдө мектеп программалары жаңыланып, STEM окуу предметтерине, жасалма интеллектиге, чет тилдерге жана функционалдык сабаттуулукка өзгөчө маани берилип жатканын белгилеген.

Коңшу Казакстанда кандай?

Казакстанда жаңы окуу жылында биринчи класска кабыл алынган балдардын басымдуу бөлүгү казак тилинде билим алат. Мындан тышкары мектеп программасына жаңы милдеттүү сабактар киргизилип, окуучуларды баалоо системасы өзгөрөт.

Бул тууралуу 18-августта Астанада өткөн өкмөт жыйынында Казакстандын Агартуу министри Жулдыз Сулейменова билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, быйыл биринчи класска 380 миңден ашуун баланы кабыл алуу пландалууда. Учурда документ тапшыргандардын 71,1% казак тилинде, 26,6% орус тилинде, калган 2,3% башка тилдерде билим алууну тандаган.

Биринчи класска документтер 31-августка чейин кабыл алынат.

2026–2027-окуу жылынан тартып Казакстандын мектеп программасына бир нече жаңы милдеттүү курс киргизилет. 5–7-класстарда «Конституциянын негиздери», 8–11-класстарда «Мыйзам жана тартип», ал эми 5–11-класстарда «Жеке коопсуздук» сабагы милдеттүү түрдө окутулат.

Буга чейин тандоо сабагы болуп келген «Укуктун негиздери» эми бардык окуучулар үчүн милдеттүү болот. Министрдин айтымында, сабактын мазмуну жаңыланып, жаңы Конституциянын принциптерине ылайыкташтырылган.

Мындан тышкары, жаңы окуу жылынан тартып мектеп окуучуларына сабак учурунда смартфон колдонууга тыюу салынат.

Казакстандын Агартуу министринин биринчи орун басары Шынар Акпарованын айтымында, телефонду окуу программасында атайын каралган учурларда гана колдонууга уруксат берилет.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG