Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоого талапкерлерди мамлекеттик органдар менен биргеликте текшерет. Учурда анын тартиби аныкталууда. Текшериле турган маалыматтардын арасында талапкердин жарандыгы, соттуулугу, кылмыштуу жана куралдуу топторго ыктымал тиешеси, ошондой эле мамлекеттик тилди билгени тууралуу сертификаты такталат.
Буга байланыштуу Боршайком 29-сентябрда Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик комиссиянын, Чек ара кызматынын, "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин жана "Кыргызтест" мекемесинин өкүлдөрү менен чогуу жумушчу кеңешме өткөрдү. Анда мамлекеттик органдар талапкерлердин мыйзам талаптарына шайкештигин текшерүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды ыкчам алмашууну жолго коюшу керектиги белгиленди.
Жыйында алардын мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификаттарды текшерүү жана талапкерлерди тестирлөөнү уюштуруу маселелери да өзүнчө талкууланды.
Талапкерди каттоо үчүн ал мамлекеттик тилди "жогорку деңгээлден төмөн эмес" билерин тастыктаган сертификат тапшырышы керек.
Ошондой эле БШК талапкерлерден башка мамлекеттин жарандыгы жок экенин, соттолгон-соттолбогонун же кылмыш иши токтотулган, токтотулбаганын көрсөткөн декларацияларды талап кылат.
Мындан тышкары, эгер талапкер уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка же куралдуу топко тиешеси бар адам катары профилактикалык же ыкчам-профилактикалык каттоодо турганы аныкталса, БШК анын талапкерлигин каттоодон баш тарта алат.
БШК талапкерлердин документтерин алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде текшерет. Талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 23-декабрына чейин аякташы керек.
Буга чейин БШК президенттик шайлоого даярдык көрүүнүн календардык планын бекиткен. Анда талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо, үгүт өнөктүгү, шайлоо өнөктүгүн каржылоо, добуш берүү жана шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо этаптары камтылган.
Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына дайындалган.
Президенттик шайлоону уюштурууга 1,2 миллиард сом каралган. Жалпы 2600дөй шайлоо тилкеси иштейт. Ар бир тилке үчүн үчкө чейин үгүтчү жалдоого уруксат берилет. Шайлоо фонду 200 миллион сомдон ашпашы керек. (ZKo)