A7 компаниясынын артында теги молдовалык, кийин Орусияга качып кеткен Илан Шор турарын буга чейин да бир катар басылмалар жазып чыгышкан. Кыргыз бийлиги мындай дооматты четке кагып, өлкө санкциялык чектөөлөрдү сактай турганын жана согушка тиешеси бар товарларды экспорттобогонун билдирип келет.
A7 жана Кыргызстан
The New York Times’тын иликтөөсүндө Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга киргизген чектөөлөрдөн кыйгап өтүп, кирди-чыкты сооданы тейлөө үчүн A7 аттуу компания эбегейсиз каражатты айлантып жатканын билдирди. Бул үчүн ал түрдүү ишканаларды жана криптовалютаны пайдаланып жаткан экен.
Журналисттер тактагандай, Орусия Украина менен согушка керектелчү дрондорду же башка жабдууларды дал ушул жол аркылуу ташып келүүдө. Иликтөөдө буга Кыргызстандагы компаниялар да аралашканы белгиленет.
The New York Times басылмасынын иликтөөчү журналисти Аарон Кролик материалдын кыскача даярдалган видео версиясында буларга токтолду:
Аарон Кролик
“Бул Украинадагы согуштун адыңкы чегинде колдонулуп жаткан учкучсуз учактардын түрү. Бул дрондорго керектүү компоненттерди Орусия өндүрө албайт, АКШ салган санкциянын айынан орусиялык компаниялар аны сатып да ала албай калган. Ошондуктан алар муну айланып өтүү үчүн A7 деген аталышта компания түзүшкөн. Айталы, A7 Кыргызстанда ачкан компаниясы аркылуу Кытайдан оптикалык була сатып алышкан. A7 өзү Москвада жайгашкан, бирок биз ал дүйнө жүзүндө ондогон жасалма компанияларды ачканын аныктадык. Иш жүзүндө орус ишканалары Орусиянын ичинде A7 компаниясына акчасын беришет, өлкө сыртындагы жасалма компаниялар аларга керектүү нерселерди сатып берип турушат”.
Америкалык басылманын баяндамасында айтылгандай, Орусиянын A7 компаниясы 2025-жылдын төрт эле айында 500 миллион долларлык транзакция жүргүзүшкөн. Иликтөөчүлөр бул сумманын 100 миллион доллары Кыргызстандын банктарында ачылган эсептер аркылуу айланган деп кабарлашууда. Ал тургай банктардын аталыштарын да келтиришти.
Журналист Аарон Кролик бул жөнүндө мындай деп баяндайт:
“Бул транзакциялардын Кыргызстан аркылуу өтүп жаткан себеби АКШнын санкциялары орусиялык банктарга тиешелүү, бирок кыргыз банктарына жайылтылбайт. Бул схеманын колдонуучулары негизинен Кыргызстандын өкмөтүнө 100% караштуу “Айыл Банкты”, ошондой эле “Элдик Банкты” колдонушат. Кыргызстандын бийлиги мурдараак A7 менен байланышта болгон 50 компанияны жапкан жана “Айыл Банк” менен “Элдик Банкка” аудит жүргүзгөн. A7 менен “Айыл Банк” биздин суроолорубузга жооп берген жок, ал эми “Элдик Банк” A7’ге таптакыр тиешеси жок экенин билдирди”.
Иликтөөдө Кыргызстанда 2024-жылы түзүлгөн Соода компаниясы да аталат. Басылманын версиясы боюнча, A7 менен байланышкан операциялардын биринде компания болжол менен 1 миллион долларга унаа килемчелери, полирол, коргоочу көз айнек жана башка товарларды сатып алганы көрсөтүлгөнү менен, каражаттар иш жүзүндө дрондордун компоненттерин сатып алууга багытталган.
The New York Times басылмасы жаңы иликтөөсүндө келтирилген "Айыл Банк" жана "Элдик Банктардагы" ыктымал эсептер.
Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү жана иликтөөдө аты аталган “Айыл Банк” менен “Элдик Банк” америкалык басылманын макаласында айтылгандар боюнча билдирүү тарата элек.
Президенттин жүйөсү
The New York Times 15-сентябрда да Кыргызстан жөнүндө макала жарыялап, Кыргызстанда экономикалык "бум" болуп жатканын, ага олуттуу себеп - Украинадагы согуш экенин жазган.
Мындан бир аптадан кийин – 21-сентябрда АКШга иш сапары менен барган президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто өткөн жолугушууда буга жооп берип, Кыргызстан Орусияга салынган санкцияларды бузбаганын айткан:
Садыр Жапаров америкалык ишкерлер менен жолугушууда. 21-сентябрь, 2026-жыл.
“The New York Times'тан өткөндө окуп калдым. Кыргызстандын экономикасынын көтөрүлгөнүн абдан жакшы жазыптыр. Бирок “Орусия менен Украинанын согушуна байланыштуу Кыргызстан Кытайдын жана Европанын товарын Орусияга ташып, ошондон улам экономикасы көтөрүлүп жатат. Болбосо көтөрүлбөйт эле” деп жазыптыр. The New York Times муну туура эмес жазган. Биз Орусияга мурдатан эле товар сатып келебиз. Кытайдан да товар экспорт кылабыз. Бирок согуш товарларын эмес. Биз согушка тиешеси бар бир да товарды документ боюнча да, факт түрүндө да жиберген жокпуз. Биз санкциялык чектөөлөрдү, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мыйзамдарын сыйлаган мамлекетпиз”.
Кыргызстандын лидери 2025-жылы сентябрда да Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясындагы сөзүндө Украинадагы согуштун фонунда башка өлкөлөргө салынып жаткан санкцияларды негизсиз деп атап, аны ички ишке кийлигишүү, басым деп баалаган. Ал дүйнөнүн көп өлкөлөрү Орусия менен кызматташып жатканын эске салып, Кыргызстандын банктарына салынган санкцияны алууну талап кылган.
Илан Шор, санкция жана криптовалюта
Баса, A7 компаниясы тууралуу ушундай эле өңүттөгү иликтөөнү былтыр британиялык Financial Times басылмасы чыгарган. Ал дагы быйыл сентябрда экинчи ирет иликтөө жарыялады.
The New York Times да, Financial Times да өз иликтөөлөрүндө A7 аттуу компаниянын артында молдовалык качкын олигарх Илан Шор жана Орусиянын мамлекеттик "Промсвязьбанк" турарын маалымдайт. NYT соңку материалында Батыштагы чалгын кызматтарынын үч өкүлүнө таянып, Шор Кремль менен түз байланышта экенин жазды.
Grinex криптобиржасы, анда сатылып жаткан A7A5 токени жана бул экөөнүн артында турат делген Илан Шор. "Азаттыктын" коллажы.
Шор Молдовада банктык алдамчылык менен 1 млрд долларды уурдоого айыпталып, 15 жылга соттолгон жана 2019-жылы үй камагынан качып чыгып, кийин орус жарандыгын алган олигарх. Молдованын бийлиги 2024-жылы Шорго ага чейинки шайлоолордогу добуш сатып алуу боюнча да кине койгон, ал өзү бул айыптоолорду четке кагып келет.
Илан Шор Кыргызстанда “A7 Кыргызстан” жана “Олд Вектор” аттуу компанияларды түзүп, A7A5 аттуу криптовалютасын каттаган. Муну “Азаттыктын” кыргыз кызматы да иликтеп, ырастаган, бирок фирмалардын кеңселерин таба алган эмес.
Криптовалюта жаатындагы адис жана программист Арстанбек Самиев буларга токтолду:
Арстанбек Самиев
“A7A5 рублге теңме-тең бааланып, Кыргызстанда чыгарылган стейблкоин. Аны деген ар кандай максатта иштетсе болот. Аны курал-жарак алуу үчүн иштетип жатышабы, же кадимки товарларды алып-сатуу үчүн пайдаланып жатышабы, менин кабарым жок. Мен билгендердин арасында аны колдонгондорду көрбөдүм. Жеке баамымда, ал тургай Кыргызстандагы криптовалюта менен иш кылгандардын 99,9% аны алып-сатууга аралашкан жок. Сыягы, аны чыгаргандар гана өздөрү колдонушту. Негизи эле криптовалюта бул – адамдар арасында макулдашылган каражат болгону үчүн гана санариптик формада күчкө ээ болуп турат да. Ошол эле Bitcoin же USDT криптовалютасын алган-саткан адамдар аны акча катары макулдашып алуу-сатуу жүргүзбөсө ал айланбайт да, дүйнөдө криптовалюталар көп, алар болгону популярдуулары эле. Эгер USDT’ни алуучу тарап сатып албай койсо, ал аны кармап турган кишиде эле кала берет жана таптакыр керексиз эле нерсе болуп калат. A7A5 деле ошондой эле, аны чыгарган тарап аны алуучуга да, сатуучуга кепилдик берет, ошону үчүн тараптар аны акча катары колдонуп жатышат. Эгер аны кыргызстандыктар колдонбой жатса, демек аны ошо тиешелүү тараптар гана колдонуп жатышат”.
Батыш өлкөлөрү 2022-жылы орус аскерлеринин Украинага басып киришине байланыштуу Орусияга каршы санкцияларынан сырткары ага көмөктөшкөн деп эсептелген мамлекеттердеги компанияларга да экинчи деңгээлдеги санкцияларды салып келет.
Кыргызстандагы компанияларга 2023-жылы май айында биринчи жолу санкция салынган.
“Азаттыктын” эсебинде 2026-жылдын июнуна карата 31 кыргызстандык компания Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына илинген. Анын ичинде беш банк – “Керемет банк”, “Капитал банк”, “Толубай банк”, “Евразиялык сактык банкы” жана “ЭкоИсламикБанкы” бар.
Министрлер кабинети быйыл май айында санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу Кыргызстандагы 50 ишкананын ишин токтоткон. Өкмөт бул компанияларга АКШ менен Улуу Британия доо койгонун билдирген. “Азаттык” алардын 47синин аталышын аныктаган.
Кыргызстандын бийлиги август айында Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга каршы санкцияларын кыйгап өтүүгө байланыштуу болушу мүмкүн делген дагы 19 компанияны күч менен жабарын билдирген.
Саясат талдоочу Адил Турдукулов Кыргызстандын бийлиги кайсы бир деңгээлде дилеммада туруп калганын белгилейт:
Адил Турдукулов
“Сөзсүз түрдө, Орусия тарапка, мисалы дрон сыяктуу куралдарды сатып алуу үчүн транзакцияларды жана финансылык схемаларды түзүп жатканы туура эмес нерсе. Бул Украинадагы согушту улантууга Орусияга дем берип жаткандай болуп калат. Ошол эле учурда мындан биздин экономика утуп жатат, ал боюнча көрсөткүчтөрдү буга чейин айтып келдик. The New York Times басылмасы да мына ушуну баса белгилеп жатат. Репутация жөнүндө айта турган болсок, эгерде биздин бийликтегилер буга эч кандай реакция жасабаса, анда бул албетте кедергисин тийгизет. Бирок биздин бийлик өкүлдөр санкцияларды буйтап өтпөө үчүн тиешелүү компанияларды табабыз жана жазалайбыз деген эле саясатын улантып келүүдө. Эми маалымат каражаты бул расмий орган эмес, эгер бул иликтөөдөн кийин расмий Вашингтон, расмий Брюссел, Евробиримдик буга реакция жасап, “ушул компанияларды жапкыла” десе, менимче, анда биздин бийлик ал компанияларды жабат. Анткени, биздин мамлекет изоляцияда калууну каалабайт. Буга биздин ички дараметибиз да жетпейт, эл да жол бербейт. Ошондуктан биздин тышкы саясатыбыз “эки дөөнүн” ортосунда балансты сактоо менен жүргүзүлүп кала берет деп ойлом”.
Маалым болгондой, Кыргызстанда узак талкуулардан кийин криптовалюта базарын көзөмөлдөө үчүн 2021-жылы “Криптовалюталарды жүгүртүү жөнүндө” мыйзам долбоору сунушталып, 2022-жылы ал “Виртуалдык активдер жөнүндө” деген аталыш менен кабыл алынган. Натыйжада Кыргызстанда криптовалютаны өндүрүү, жүгүртүү, алып-сатуу жана криптобиржа иштетүү мыйзамдаштырылган. Кыргыз бийлиги Улуттук крипто биржаны жана Улуттук крипто резервин түзүү дымагын жарыялаган.
Төрт жыл ичинде криптомайнинг фермалардын, криптобиржалардын, криптовалюта алып-сатуучу жайлардын жана виртуалдык активдердин эмитенттеринин саны бир көбөйүп, бир азайып олтурду. Себеби аларга лицензиялар берилип, кайра алынып турат.
Акыркы бир жарым жылда алардын саны кескин өстү. 2025-жылдын аягына карата 82 криптовалюта алып-сатуучу жай болсо 2026-жылы алардын саны 159га жетти. Былтыр 5 криптобиржа болсо, быйыл алардын саны 10 болду. 7 майнинг компания иштеп, 6 эмитент компания өз криптовалютарын чыгарды.
Кыргызстандагы криптовалюта биржаларынын жана крипто алмаштыруучу жайлардын жүгүртүүсү 2024-жылы 923 млрд сомду гана түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында бул сумма 2,7 триллион сомдон ашты. 2026-жылдын көрсөткүчү белгисиз.