АКШ аскерлери Ирактан чыкты. Багдад өкмөтү коопсуздукту камсыздай алабы?

АКШ баштаган коалициянын Ирактан чыгарылышын майрамдаган жергиликтүү аскерлер. Багдад, 2026-жылдын 30-сентябры.

Ирактыктар 30-сентябрда көчөлөргө чыгып, АКШ баштаган коалициянын өлкөдөн чыгарылышын майрамдашты. Ошол эле маалда Жакынкы Чыгыштагы абал курчуп турган чакта коопсуздук начарлап кетпейби деп тынчсыздангандар жок эмес. Америкалык контингент бул өлкөдө 20 жылдан ашуун турду.

Вашингтон 2003-жылы Саддам Хусейндин режимин кулатуу максатында Иракка өз аскерлерин киргизген. Кийин алар “Ислам мамлекети” террордук уюмуна каршы күрөшкө тартылган.

Баш калаа Багдадда жана Басра шаарында чогулган адамдар 30-сентябрды өлкөнүн тарыхындагы жаңы барак катары сыпаттап, америкалык күчтөрдүн толук кетишин майрамдашты.

"Бүгүн жалпы ирактыктар үчүн, өзгөчө Ирактын каршылык көрсөтүү күчтөрү үчүн жеңиш күнү. Оккупациялык күчтөрдүн чыгарылышы үчүн шейиттер жана мекен уулдары канын төккөн. Бул жеңиш күнү, Ирактын тарыхында кала турган улуу жеңиш күнү", - деп айтты Рейтердин кабарчысына Багдаддын тургуну Муршид Наваф.

Ирак бийлиги чет элдик аскерлердин чыгарылышын белгилөө үчүн төрт күндүк майрам жарыялады.

“1-октябрь Ирак мамлекети үчүн жаңы багыттын, чет өлкөлүк аскерлерден бошонуунун жана толук улуттук эгемендикке жетүүнүн күнү болот”, - деп айтты премьер-министр Али аз-Заиди.

Дагы караңыз

АКШ Ирактагы аскерлерин толук чыгарып кетти

Иракта калган 2500 америкалык жоокерди быйыл 30-сентябрда чыгарып кетүү чечимин мындан эки жыл мурун ошол кездеги администрация кабыл алган.

Шаршембиде АКШ президенти Дональд Трамп контингенттин чыгарылышын жарыялап, аны Америка үчүн маанилүү күн деп атады:

“Бүгүн мен акыркы америкалык күчтөр Ирактан чыгып жатканын кубануу менен жарыялайм. Бизди бул туңгуюкка такаган өтө начар чечимдердин узак доору артта калды. Бирок жакында тарыхтын ал бөлүгү аяктайт. Бул Америка үчүн улуу күн".

Трамп эми Иракка өкмөт башчы Али аз-Заиди кам көрөрүн айтып, премьерди өзүнүн досу деп атады.

Америкалык акыркы аскерлер Ирактын жарым-жартылай автономдуу Күрдстан аймагындагы Эрбил авиабазасынан чыгарылды.

2003-жылы Вашингтон Саддам Хусейндин режимин кулатуу максатында Иракка аскерлерин киргизген. Америкалык күчтөр 2011-жылдын соңунда өлкөдөн чыгып кеткен. Бирок үч жылга жетпей «Ислам мамлекети» террордук тобу Ирактын аймагынын үчтөн бир бөлүгүн басып алгандан кийин америкалык аскерлер кайра кайтып барган.

2014-жылы АКШ жана өнөктөштөрү террордук уюмга каршы операция баштап, 2017-жылдын соңунда Ирактын бийлиги өлкө жоочулардан толугу менен бошотулганын жарыялаган. Андан кийин контингент баскыч-баскыч менен чыгарылары тууралуу макулдашылган.

Дагы караңыз

Иран Эрбилдеги дрон чабуулуна тиешеси жоктугун билдирди

Бирок айрым ирактыктар эми коопсуздукту камсыздоодо боштук пайда болуп, Иран колдогон согушкер топтордун таасири күчөйт же «Ислам мамлекети» террордук уюмунун калган жоочулары баш көтөрөт деп кооптонушат. Алардын бири багдаддык Анвар Мусави мындайча ою менен бөлүштү:

"Ирактын бир нече күн эмес, айлап кургактагы операцияларды жүргүзө алган күчтөрү бар. Бирок авиация жана заманбап электрондук технологиялар сыяктуу тармактарда дагы деле олуттуу кемчиликтерибиз бар".

Пентагондун билдирүүсүнө ылайык, эми Ирактын коопсуздук күчтөрү, анын ичинде күрддөрдүн Пешмерга кошуундары экстремисттик топторго каршы күрөштө жоопкерчиликти өзүнө алат. Ошол эле учурда АКШ ирактык өнөктөштөрүнө атайын даярдык жана чалгын маалыматтары боюнча чектелген колдоо көрсөтүүнү улантат.

Күрдстан аймагынын Пешмерга иштери боюнча министрлиги болсо америкалык аскерлер аймактагы кырдаал туруксуз болуп турган учурга туш келгенин айтып, коопсуздук тобокелдиктери тууралуу эскертти.

Дагы караңыз

АКШ менен Иран алкактык келишимге электрондук түрдө кол коюшту

АКШ менен Израил Иранга каршы чабуул баштаган 28-февралдан бери Тегеран жана ага жан тарткан куралдуу топтор Кошмо Штаттар баштаган коалициянын Ирактагы аскерлерине каршы активдешкен.

Багдад өкмөтү алдында шийи куралдуу топторун борбордук башкарууга өткөрүү максаты да турат. Ирак бийлиги 30-сентябрга чейин өкмөттүк түзүмдөргө кирбеген ар кыл куралдуу топтор куралсыздандырыларын айтып келген. Бирок бул процесс эмки жылдын 30-июнуна чейин узартылды.

Талдоочулар белгилегендей, америкалык аскерлердин чыгып кетиши менен Ирак АКШнын таасиринен толугу менен чыкты дегенди билдирбейт. Алсак, Ирактын мамлекеттик кирешесинин негизги бөлүгү мунай тармагына туура келет. Кара май экспортунан америкалык валюта менен түшкөн каражат Ирактын Нью-Йорктогу федералдык резерв банкындагы эсеби аркылуу тескелет.

Дагы караңыз

"Балдарым, аялым Иракта абакта". Кыргыз бийлигинен жардам сураган карыя