2-октябрда түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар түшөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Күндүз Ош, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын басымдуу бөлүгүндө, Чүй жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат. Ысык-Көлдүн айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болушу мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзүп, кээ бир жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн 7...12°, күндүз 20...25°
- Талас өрөөнүндө: түнкүсүн 5...10°, күндүз 18...23°
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн 11...16°, күндүз 20...25°
- Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн 6...11°, күндүз 15...20°
- Нарын облусунда: түнкүсүн 3...8°, күндүз 15...20°
Бишкек шаарында түнкүсүн ала булут каптап турат. Күндүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12°, күндүз 22...24° болот.