4-октябрда Жапонияда XX жайкы Азия оюндары аяктап, Кыргызстандын спортчулары бир алтын, үч күмүш жана 10 коло – жалпы 14 медал алды. Муну менен Кыргызстан командалык эсепте 26-орунга жазылды.
Жалгыз алтын байгени грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков (60 кг чейин) алды. Сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов (200 м, брасс), грек-рим күрөшүнөн Асан Жанышов (87 кг чейин) жана дзюдодон Эрлан Шеров (90 кг чейин) күмүш медал тагынды.
19-сентябрдан 4-октябрга чейин Жапонияда өткөн XX жайкы Азия оюндарына 43 спорттун түрү боюнча 37 мамлекеттен 469 спортчу катышты. Кыргызстандан спорттун 30 түрү боюнча 168 спортчу барган. (BTo)