"Ала-Тоо Резорт" Жыргалаңдагы кластер үчүн 35,4 млн сомдук техника сатып алат

Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган сүрөт. (архив)

"Ала-Тоо Резорт" акционердик коому Ысык-Көлдүн Жыргалаң айылындагы төрт мезгилдүү кластер үчүн атайын техника жана материалдык-техникалык каражаттарды сатып алууга тендер жарыялады. Сатып алуунун жалпы суммасы 35,4 млн сом. Товарлар 20-ноябрдан кечиктирилбей жеткирилиши керек.

Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтындагы маалыматка караганда, сатып алуу беш лотко бөлүнгөн. Анын ичинде 8,4 млн сомго куткаруу иштерине керектүү жабдуулары менен үч тоо сноубайкын, 5 млн сомго пресстөөчү механизм менен жабдылган таштанды ташуучу унаа сатып алуу пландалууда.

Дагы 5 млн сом кызматчыларды курорттун ичинде ташуу үчүн эки автоунаага каралган. Кар тазалоочу мини-жүктөгүч тиешелүү жабдуулары менен 4 млн сомго бааланган. Дагы 13 млн сом сыртка орнотулуучу LED-экранга бөлүнөт.

Тийиштүү талаптарга ылайык, техникалар тоолуу аймакта, кар жааган шартта жана суукта иштөөгө ылайыктуу болушу керек.

Порталда сноубайктардын кыймылдаткычы, кубаттуулугу, жүк көтөрүмдүүлүгүнөн сүйрөө мүмкүнчүлүктөрүнө чейин талаптар так жазылган. Ушундай эле талаптар кызматчыларды ташуучу автоунааларга, таштанды ташуучу, кар күрөөчү техникаларга да коюлуп, дээрлик бардыгы 30-40 градус суукта иштей ала тургандай болушу керектиги көрсөтүлгөн.

Атайын техника үчүн Кыргызстанда запастык бөлүктөрдүн болушу же кеңейтилген кепилдик каралышы талап кылынат.

Президенттин иш башкармалыгынын алдында түзүлгөн “Ала-Тоо резорт” ишканасы жыл башында 100 пайыз мамлекеттик үлүшү бар ачык акционердик коом болуп кайра түзүлгөн. Бул аталган ишкананын Ысык-Көлдө үч чокуну бириктирген ири лыжа курортун куруу долбоорун "өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана инфраструктураны натыйжалуу башкаруу үчүн, ачык жана туруктуу уюштуруучулукту камсыздоо" максатында жасалганы айтылган.(ZKo)

Дагы караңыз

"Аалым блогер эмес". Кыргызстанда диний контенттер жөнгө салынабы?Физиология, медицина боюнча Нобел сыйлыгы америкалык жана германиялык окумуштууларга ыйгарылды Мурдагы транспорт министри Нурлан Сулайманов 3-декабрга чейин камалды "Учкун" басмаканасынын директору Бакытбек Султанов кызматтан алындыЖапырт кармалган саясатчылардын сотуна Кадырбек Атамбаев да алынып келдиПрокуратура Султанбековду 9, Атамбаевди 7,6 жылга соттоону сурандыMoody’s Кыргызстандын насыя рейтингин "туруктуу" деп баалады