Мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулаймановго Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып тагылганы белгилүү болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.
5-октябрда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүсү Нурлан Сулаймановду камакка алуу өтүнүчүн берип, судья аны Бишкектеги №1 тергөө абагына 3-декабрга чейин камакка алган. ИИМ козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу маалымат бере элек.
Башкы прокуратура Нурлан Сулаймановго жол куруу тендерлерин мыйзамсыз өткөргөн деген шек менен 2012-жылы кылмыш ишин козгогон. Анда ал азыркы президент Садыр Жапаров жана УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен чогуу Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынын депутаты болчу. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси боюнча айып коюлган.
Нурлан Сулайманов депутаттык мандатын тапшырып, өлкөдөн чыгып кеткенине байланыштуу 2014-жылы издөө жарыяланган. Башкы прокуратура 2018-жылы ал издөөдө болгондуктан, кылмыш иши убактылуу токтотулганын билдирип, кармалса камакка алынарын, иши сотко өтөрүн билдирген.
2020-жылы парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү маалында Нурлан Сулаймановго козголгон кылмыш иши 2016-жылы эле токтотулганы ачыкка чыккан. Бишкек шаардык соту “жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кетти” деген негизде ал кылмыш жообунан бошотулганын маалымдаган.
Акыркы жылдары Сулаймановдун ысымы өлкөнүн түштүк аймагында курулган автожолдорго байланыштуу аталып, Камчыбек Ташиев кызматта турганда аны жандап жүргөн сүрөт-видеолору тараган.
Акылбек Жапаров Министрлер кабинетин жетектеп турганда Нурлан Сулайманов өкмөттөгү жыйындарга да катышканы белгилүү болгон. (BTo)