Кыргызстанда 2023-2025-жылдары кызамыктан 26 адам каза болгон

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2023-2025-жылдар аралыгында кызамык оорусу менен 30 миң 388 бейтап катталып, алардын 26сы каза болгон. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова 7-октябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында айтты.

Анын сөзүнө ылайык, 2026-жылдын январь-сентябрь айларында кызамык илдети 680 адамда аныкталган.

“Кызамык оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин айтып келе жатабыз. 2023–2025-жылдары ооругандардын арасынан 9 миң 708и пневмония, 3 миң 498и ичеги-карын татаалдашуусу жана 15 энцефалит учуру катталган”, - деди ал.

СССРдин аймагында 1963-жылдан бери кызамыкка каршы эмдөө жүргөндүктөн Кыргызстан эгемендик алган жылдары бул ооруну жугузгандар көп катталган эмес жана өлүм да сейрек кездешчү. Диний ишенимден улам вакцинадан баш тартуу адаты 2012-жылдан башталган. Анын кесепетинен 2014-2015-жылдары Кыргызстанда кызамыкка кабылгандар кескин көбөйүп, 17 миңге жеткен. Натыйжада ири эмдөө кампаниясы жүргөн.

2018-2019-жылдары да кызамыкты жуктургандардын саны кескин жогорулап, жылына 2000 бейтап катталган жана кайрадан эмдөө күчөтүлгөн.

2020-жылкы коронавирус пандемиясы дүйнөдө, анын ичинен Кыргызстанда пландуу эмдөөгө кедергисин тийгизген жана анын айынан 2023-жылы көп өлкөлөрдө кызамык кайрадан күч алган.

Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин жайылышына ата-энелер түрдүү себептер менен, анын ичинен көбү диний ишенимине байланыштуу, эмдөөдөн баш тартканы себеп болгонун кайталап келет.

Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашка чыкканда жасалат. Кошумча эмдөө тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө. (BTo)

Дагы караңыз

Нарын шаары менен Кочкор районунда 433 ипотекалык батир берилдиЖК кийинки аптада кымбатчылык, Бишкектеги ыш маселесин талкуулайтБыйыл 9 айда бюджеттин кирешеси 608 млрд сомду түздүДепутат Бекешев сексуалдык кылмыштарга жазаны жеңилдетүүгө каршы пикирин билдирдиДепутат Абдибаева мандатын тапшыруусун талап кылгандар боюнча УКМКга кайрыларын айттыСпикер Маматалиев парламентке айтылган сынга жооп бердиОрусиядагы кара тумоо тууралуу маалыматтан улам Өзбекстан да чек ара көзөмөлүн күчөттүБишкекте негизги аянттарда митинг өткөрүүгө жыл аягына чейин тыюу салынды