"Коррупция" беренеси менен айып тагылган мурдагы транспорт министри Сулайманов эркиндикке чыкты

Нурлан Сулайманов.

Мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулайманов эч жакка кетпөө тил каты менен эркиндикке чыкты. Мындай токтомду 8-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, анын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн сотко Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүсү берген.

5-октябрда ушул эле ИИМдин тергөөчүсү Нурлан Сулаймановду камакка алуу өтүнүчүн берип, судья аны Бишкектеги №1 тергөө абагына 3-декабрга чейин камакка алган.

ИИМ козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу маалымат бере элек.

Мурдагы министр 3-октябрда кармалып, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып тагылганы белгилүү болгон.

Башкы прокуратура Нурлан Сулаймановго жол куруу тендерлерин мыйзамсыз өткөргөн деген шек менен 2012-жылы кылмыш ишин козгогон. Анда ал азыркы президент Садыр Жапаров жана УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен чогуу Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынын депутаты болчу. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси боюнча айып коюлган.

Нурлан Сулайманов депутаттык мандатын тапшырып, өлкөдөн чыгып кеткенине байланыштуу 2014-жылы издөө жарыяланган. Башкы прокуратура 2018-жылы ал издөөдө болгондуктан, кылмыш иши убактылуу токтотулганын билдирип, кармалса камакка алынарын, иши сотко өтөрүн билдирген.

2020-жылы парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү маалында Нурлан Сулаймановго козголгон кылмыш иши 2016-жылы эле токтотулганы ачыкка чыккан. Бишкек шаардык соту “жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кетти” деген негизде ал кылмыш жообунан бошотулганын маалымдаган.

Акыркы жылдары Сулаймановдун ысымы өлкөнүн түштүк аймагында курулган автожолдорго байланыштуу аталып, Камчыбек Ташиев кызматта турганда аны жандап жүргөн сүрөт-видеолору тараган.

Акылбек Жапаров Министрлер кабинетин жетектеп турганда Нурлан Сулайманов өкмөттөгү жыйындарга да катышканы белгилүү болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Адабият боюнча Нобел сыйлыгы канадалык акын Энн Карсонго ыйгарылдыОрунтаев "Бишкек аренанын" курулуш наркы дагы өзгөрүшү мүмкүн экенин айттыУкраина бир суткада каза болгон ондогон жараны арасында балдар да бар экенин кабарладыСот Темирлан Султанбековду жети жыл, Кадырбек Атамбаевди төрт жылга эркинен ажыратты Орусияда үч кыргыз жараны адам уурдоого байланыштуу кармалдыWildberries Өзбекстанда ири логистикалык хаб курууну пландап жатат Ташиев Акунбеков "жер семирткичти коммерциялык баада сатып жүргөнү тергөөдө аныкталганын" билдирди