Кыргызстан күз-кыш мезгилине 4,1 млрд кВт/с электр жарыгын импорттойт

"Датка-Кемин" көмөк чордону. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан 2026-жылы 19,6 млрд кВт/саат электр энергиясын керектейт деп эсептелсе, анын 15,5 млрд кВт/сааты өлкөдө өндүрүлөт. Калган бөлүгүн суунун көлөмүн төмөндөтпөө жана сууну сарамжалдуу пайдалануу үчүн 4,1 млрд кВт/саат электр жарыгы импорттолот.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйында айтты. Өкмөт электр энергиясы кайсы өлкөлөрдөн сатылып алынарын тактаган жок.

Күз-кыш мезгилинде калк 1483,63 миң тонна, бюджеттик мекемелер 319,4 миң тонна көмүр керектейт деп эсептелген.

Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы керектөөнү жаппайт. Ушундан улам жыл сайын күз-кыш мезгилине Казакстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан электр жарыгын сатып алат. (BTo)

Дагы караңыз

Адылбек Касымалиев балыктын жеми боюнча талашка комментарий бердиСоцинтерн уюму Султанбековго, Атамбаевге чыккан сот өкүмүн сындадыБажы жана Чек ара кызматтарынын жетекчилери алмашты УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары жана экс-министр кармалганы кабарландыНобел тынчтык сыйлыгы БУУнун Адам укуктары боюнча мурдагы жогорку комиссары Нави Пиллэйге ыйгарылдыОрусиянын үч аймагында дрон чабуулунан каза болгондор жана жараат алгандар барОштогу Кара-Суу базары Президенттин иш башкармалыгына өттүЖапаров Кыргызстан Азербайжандан күйүүчү май сатып алууга даяр экенин айтты