2026-жылдын июнь айынын жыйынтыгына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 10 млрд 97,88 млн долларга жетти.
Анын ичинен 4 млрд 882,73 млн доллар ички, 5 млрд 215,15 млн доллар тышкы карыз. Тышкы карыздын көп бөлүгү - 1 млрд 414,16 млн доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына (Эксимбанк) туура келет.
Мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 37,53% түздү.
Президент Садыр Жапаров 21-июлда Фейсбукта жазган постунда Кыргызстандын мамлекеттик карызы жөнүндө талкууга жооп берип, коомчулукту анын көбөйүп кетишине кыжалат болбоого чакырган. Мамлекет башчы мурда сырттан алынган насыя маанисиз багыттарга кеткенин, жаңы алынган карыз өзүн өзү актаган долбоорлорго жумшалып жатканын жазган.
Айрым экономисттер соңку жылдары өлкөнүн ички карызы кескин көбөйгөнүн, кыска мөөнөткө жана жогорку пайыз менен алынып жаткан мындай карыз экономика, мамлекеттик бюджет үчүн кооптуу экенин эскертип келишет. (BTo)