Кыргызстандын соту ишмердигин экстремисттик деп тапкан иликтөөчү журналист Болот Темиров Клунилердин “Адилеттик үчүн” фонду тапшырган The Albies эл аралык сыйлыгын алганын билдирди. 9-октябрда сыйлык тапшыруу аземи Лондондо өттү.
The Albies эл аралык сыйлыгы Болот Темировго жана анын жубайы, журналисттик иликтөө менен алектенген Махабат Тажибек кызына берилген. Болот Темиров бул “эмгегиңдин, чындыкты айтууга болгон аракетиңдин жана кесибиңе берилгендигиңдин бааланганы” деп билдирди.
The Albies сыйлыгын актер Жорж Клуни жана анын жубайы, адам укуктары боюнча адвокат Амал Клуни негиздеген “Адилеттик үчүн” фонду 2022-жылдан бери ыйгарып келет. Сыйлык адам укуктарын жана адилеттикти коргоодо иш алып барган адамдарга берилет.
Махабат Тажибек кызы сыйлыкты тапшыруу аземине бара алган жок. 25-августта Бишкектин Ленин райондук сотунда анын адвокаты журналистке сыйлыкты алуу үчүн Лондонго барып келүүгө уруксат берүүнү өтүнгөн. Судья Темир Маматов өтүнүчтү канааттандырган эмес.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Түрмө мени сындыра алган жок"
Махабат Тажибек кызы 2024-жылы январда Кыргызстанда экстремисттик деп табылган Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун ошол кездеги жана мурдагы он кызматкери менен чогуу кармалган. Ошол эле жылы октябрда сот аны “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыраткан.
2026-жылдын мартында Жогорку сот мурдагы сот чечимдерин жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн. Кийин Ленин райондук соту Махабат Тажибек кызын эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен абактан бошоткон. Учурда анын иши райондук сотто кайрадан каралып жатат.
Болот Темиров 2022-жылы Кыргызстандын жарандыгынан ажыратылып, өлкөдөн чыгарылган. Ал чет өлкөдө жүрүп Temirov Live долбоорунун ишин улантып келет.
2025-жылы октябрь айында Бишкектин Октябрь райондук соту Болот Темировдун ишмердигин жана Temirov LIVE, “Айт, айт десе” долбоорлорун экстремисттик деп тапкан. CPJ баш болгон бир катар эл аралык уюмдар соттун бул чечимин сынга алышкан. (BTo)