"Аэропорттогу соккуда аман калдым". Эр-Рияддагы кырдаал

Эр-Рияд, Халид падыша аэропорту. 11-октябрь, 2026-жыл

Сауд Арабиянын борбору Эр-Рияддын аэропортуна сокку урулган учурда Кыргызстандын айрым жарандары да ал шаарда болгон. Халид падыша атындагы эл аралык аэропортко дем алыш күндөрү эки жолу сокку урулуп, жалпы 10дон ашуун киши каза тапты, 320дан ашууну жараат алды.

Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев Эр-Рияддагы дал ошол аэропорттон учмак болгон, бирок кырдаалга байланыштуу башка шаарга автобус менен жетип, ошол жактан мекенине кайтууну чечкенин, бөөдө кырсыктан аман калганын “Азаттыкка” айтып берди.

10-октябрда Сауд Арабиясынын борбору Эр-Рияддагы Халид падыша эл аралык аэропортуна урулган соккудан 12 киши набыт болду. Дагы 309 адам жараат алган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги каза тапкандар менен жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок деп билдирди.

Йемендеги Иран колдогон хусилердин ракеталык соккусу Халид падыша эл аралык аэропорту күндөгүдөй иштеп жаткан маалда болгон.

Бул учурда өлкөдө эл аралык каттамдар токтотулуп, бирок ички рейстер каттап жаткан. Ошол күндөрү Сауд Арабиясында иш сапар менен жүргөн Кыргызстандын мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев ракеталык сокку ал уча турган аэропортко түшкөнүн “Азаттыкка” айтып берди.

"Негизи ага чейин эле соккулар болуп жатты. Түнү ракеталардын соккулары болуп, абадан коргонуу системасы иштеп жатканда добуштар угулуп жаткан. Ошондуктан түнү уктай алган эмесмин".

Тилек Токтогазиев

Токтогазиевдин айтымында, эл аралык каттамдар токтотулгандыктан, ал Сауд Арабиянын башка шаарына дал ошол ракета түшкөн аэропорттон учмак. Бирок ал автобус менен кетүүнү чечип, кырсыктан аман калган:

"10-октябрда ички каттам менен учуп кетсеңер болот деди. Ал үчүн үчүнчү терминалга барышыңар керек деди. Негедир ички туюм менен ал жакта да каттам жокко чыгып калышы мүмкүн деп, Даммам деген шаарга автобус менен барууну чечтим. Анткени ал жак соккулар боло элек жер экен. Түнкү 2де Даммамга карай кеттик. Негизи Эр-Рияддан Даммамга 10-октябрда учасыңар деп айткан да. Ошентип, 10-октябрда ракета менен сокку урулуп, 12 адам каза болуп, 309 адам жараат алыптыр да. Дал ошол мен уча турган 3-терминалда. Кудайга шүгүр дедим", - деди Тилек Токтогазиев.

Ал Кыргызстанга Даммам аркылуу учуп келген.

Дагы караңыз

Эр-Рияд аэропортуна сокку: Каза тапкандар ондон ашты, 300дөн көбү жарадар

Аэропортко урулган соккудан каза болгондордун арасында Сауд Арабиянын төрт жана Бангладештин эки жараны бар экени айтылды. Ошондой эле, АКШ, Иордания, Палестина, Сирия, Судан жана Мисирдин бирден жараны мүрт кеткени белгилүү болду. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги каза тапкандар менен жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок экенин билдирди. Аба майдандын иши убактылуу токтоп турат.

11-октябрь күн Халид падыша эл аралык аэропортуна дагы бир чабуул болду. Бул ирет хусилердин соккусунан кеминде бир киши каза тапканы, 11 адам жараат алган.

Ирандын өкмөтү колдогон Йемендеги хусилер авиакомпанияларды жана жүргүнчүлөрдү Сауд Арабиясынын аэропортторун жана аба мейкиндигин колдонбоого чакырды.

Хусилер менен Сауд Арабиясынын ортосундагы тиреш бир нече жылдан бери уланып келет. Эр-Рияд Йемендин эл аралык коомчулук тааныган өкмөтүн колдосо, хусилер өлкөнүн олуттуу бөлүгүн, анын ичинде борбор шаар Сананы көзөмөлдөп турушат.

Дагы караңыз

Жакынкы Чыгыш: Хусилер стратегиялык кысыкты ээлеп алды

АКШ президенти Дональд Трамп бул окуядан кийин Вашингтон Сауд Арабиясын колдоо мүмкүнчүлүгүн карап жатканын айтты.

"Балким. Биз муну карап чыгабыз. Жакында болгон чабуул тууралуу жаңы эле билдик, ошондуктан чечим кабыл алабыз", - деген Трамп журналисттерге.

Саудиянын бийлиги аэропортко соккуга жооп кайтарыларын билдирген.

Хусилердин чабуулдары жана Эр-Рияддын жооп тууралуу билдирүүлөрү Йемен жаңжалы дагы курчушу мүмкүн деген кооптонууларды күчөттү.