Депутат Абдибаеванын мандатын чакыртып алуу талабы менен ЖКга арыз тапшырылды

Депутат Абдибаеванын сөзү коомчулукта талаш-талкуу жаратып, аны мандаттан ажыратууга чакырган кол топтоо башталган. Петициядан скриншот жана Айсаракан Абдибаева. "Азаттыктын" коллажы

Юрист Адилет Мерканов Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаеванын мандатын чакыртып алуу талабы менен 31 миң 900 адамдан чогултулган кол парламентке тапшырылып, арыз ташталганын кабарлады.

Анын сөзүнө караганда, арыз Жогорку Кеңештин сегиз тармактык комитетине жана беш депутаттык тобуна берилди. Ал Жогорку Кеңешинин регламенти боюнча эми үч күндүн ичинде депутаттык топ түзүлүп, ал арызды бир айдын ичинде карап чечим кабыл алышы керектигин айтты.

Айсаракан Абдибаева коомчулуктун сынына кабылган билдирүүсүн 29-сентябрда айткан. Анда эл өкүлү Кылмыш-жаза кодексиндеги сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар боюнча жаза айрымдар үчүн катаал болуп жатканын билдирген. Ушундан улам пробациялык жаза чегерүү жагын карап көрүү зарыл экенин сунуштаган. Ошол жыйында укук коргоо органдары жарандардын адеп-ахлактык саламаттыгына, жыныстык кол тийбестигине жана эркиндигине каршы кылмыштарды алдын алуу боюнча мыйзамдардын аткарылышы тууралуу маалымат беришкен.

Депутат парламенттин 7-октябрдагы отурумунда талкуу жараткан билдирүүсүнө түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгүнө (“Зордуктоо”) жана 157-беренесине (“Он алты жашка чыга элек балага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттер”) байланыштуу сунуш берүүсүнө шайлоочулары жана башка жарандардын кайрылуусу негиз болгонун кабарлаган. Педофилдерге же кылмышкерге пробация берип, жазасын жеңилдетүү жөнүндө сөз сүйлөбөгөнүн кошумчалап, ага каршы атайын каралоо иштери жүрүп жатканын жана аны аныктоо өтүнүчү менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кайрыларын айткан.

Айсаракан Абдибаеванын талаштуу билдирүүсүнөн кийин аны мандаттан ажыратуу боюнча петиция жарыяланып, кол топтоо башталган. (BTo)

Дагы караңыз

Масалиев ИИМ Мадумаровдун 150 миң долларын кайтарып бергенин айттыШирин Айтматова Кенжебаевдин кармалышы боюнча пикирин билдирдиАКШ мамкатчысы Рубио Борбор Азияга 200 ишкер кирген делегацияны баштап келетСпикер Маматалиев "депутаттар парламентке өз күчү менен шайланганын" айттыБишкекте тыгын маселесин чечүүдө жеке машине пайдаланууга чектөө киргизилбейт"Мадина" базарынын соодагерлери кайрадан нааразылыкка чыгыштыМунай ташуучулар субсидия алуу үчүн 1 млрд 407 млн сомго арыз бердиКиевде ракета чабуулунан каза болгондор арасында сегиз жашар бала бар экени айтылды "Талибан" Ооганстанда Би-би-си радиосунун уктурууларын токтотту