Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:32

"Педофилдерди актабайм". Талаштуу сунуш айткан депутат УКМКга кайрылды

Депутат Абдибаеванын сөзү коомчулукта талаш-талкуу жаратып, аны мандаттан ажыратууга чакырган кол топтоо башталган. Петициядан скриншот жана Айсаракан Абдибаева. "Азаттыктын" коллажы
Депутат Абдибаеванын сөзү коомчулукта талаш-талкуу жаратып, аны мандаттан ажыратууга чакырган кол топтоо башталган. Петициядан скриншот жана Айсаракан Абдибаева. "Азаттыктын" коллажы

Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаева өзүн мандаттан ажыратууну талап кылгандардын үстүнөн арыз жазганын билдирди. Ушу тапта аны мандаттан ажыратуу боюнча петицияга 30 миңден ашуун киши кол койду.

Буга депутаттын комитет жыйынында айрым сексуалдык кылмыштарга пробация колдонууну сунуштаганы себеп болгон.

Айсаракан Абдибаева өзүнө каршы “кара пиар” уюштургандарды аныктоо үчүн Улуттук коопсуздук мамлекет комитетине кайрылганын 7-октябрдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтып чыкты.

Трибунага чыккан депутат 7-чакырылышта зордук-зомбулукка каршы мыйзамдын демилгечиси болгонун эске салды. Ал быйыл 26-майда өзүнө коомдук бирикменин мүчөлөрү Кылмыш-жаза кодексиндеги айрым, анын ичинде 154, 157, 158-беренелерди өзгөртүү жана толуктоо өтүнүчү менен кайрылганын айтты.

Айсаракан Абдибаева
Айсаракан Абдибаева

“Кайрылуунун максаты - 154-158-беренелерди колдонуу практикасын комплекстүү талдоо, ар бир кылмыштын конкреттүү жагдайларын жана өзгөчөлүгүн эске алуу менен ага укуктук баа берүү жана жаза чарасына жасалган жосунга шайкештигин камсыз кылуу. Бул кайрылуу мага эле келген биринчи маселе эмес. Жарандар КР приезидентине, Жогорку Сотко, Башкы прокуратурага, ИИМге да кайрылышкан. Алар тиешелүү органдарга көйгөйүн түшүндүрүп, мыйзамдын ушул жагына илимий-укуктук баа берүүнү суранышкан”.

Абдибаева мындан кийин маселени Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине июнь айында эле киргизип, баяндама жасаганын кошумчалады.

Эл өкүлү ушул эле маселени, ушул эле комитеттин 29-сентябрдагы жыйынында дагы көтөргөндөн кийин өзүнө каршы каралоо күчөп кеткенин, мындан улам атайын кызматка арыз менен кайрылууга мажбур болгонун билдирди:

“Бул жерде педофилге же кылмышкерге жазаны жеңилдетүү, пробация берели деген сөз болгон эмес. Аял, эне, эл өкүлү катары мен кандай негизге таянып жаш өспүрүмдөргө зордук-зомбулук кылган кылмыш кылган адамдарга жеңилдик сурайм? Кылмыш кылган адам жазасын алышы керек. Керек болсо жазасы күчөтүлүшү керек. Бул сөз бурмаланып, социалдык тармакта ар кайсы блогер, телеканалдар тарабынан негизсиз каралоолор жүрүп жатат. Эл өкүлүнө жалаа жаап, жалган маалыматтар тарап жаткандыктан бул топтун артында кимдер турганын аныктоо максатында УКМКга мен эле эмес, эки коомдук уюмдун атынан дагы кайрылышты”.

Айсаракан Абдибаева сүйлөп бүткөндөн кийин абакта жаткандардын жакындарынын видеосун дагы көрсөттү. Алар мыйзамдагы беренелерге өзгөртүү киргизүүнү суранып, айрымдары "депутатты акча алып, каралап жатат” деп сүйлөгөнүн көрүүгө болот.

"Эркек мүчөсүнө ээ болушу керек"

Жыйында айрым депутаттар кесиптешин колдоп, айрым эркектер жалаа менен соттолуп кеткенин айтышты. Алар Айсара Абдибаева кайрылган ата-энелердин үнүн гана комитетте жеткиргенине токтолушту.

“Ар бир нерсенин эки жагы бар. Биз депутат болгондон бери кайрылып жаткан ата-энелер бар. Кеп күнөөсүз кеткен балдарда болуп жатат. Эгер педофил болсо, аларды түрмөдөн чыгарбай кастрация кылсак дагы болот. Кээ бир топтор аркылуу күнөөсү жок балдарды укук коргоо органдары карап, туура чечим чыгарып берсе болот эле”, - деди депутат Исманали Жороев.

Ал эми депутат Рустамбек уулу Советбек коомдо “зордуктады” деп жалаа жаап, арыз жазган кыздарды дагы жазага тартуу керектигин айтты. Муну менен катар депутаттардын билдирүүсүн бурмалагандар да жазасыз калбашы керек дейт.

Рустамбек уулу Советбек
Рустамбек уулу Советбек

“Ооба, бизге дагы көптөгөн ата-энелер кайрылып жатат. Өзү 16 жашта болсо 18 жаштамын деп... Баары деп айтпайбыз эми, бизде дагы кыз бар. Кырчындай балдар түрмөгө кесилип кеткен учурлар көп болуп жатат. Эгер ошондой тактала турган болсо, ошону уюштурган кыздарды дагы жоопко тарта турган мыйзам иштеп чыгыш керек. Эл өкүлү болгондон кийин кайрылат экен. Кайрылгандан кийин аны көтөргөнгө туура келет экен. Аны бурмалап, туура эмес жеткирип салып жатышат. Ошондуктан аны көтөргөндө бурмалагандарды, маселени курчуткандарга да чара көрүш керек”.

Спикер Марлен Маматалиев Жогорку Кеңешке бардык катмардагы адамдар кайрыларын, бир депутаттын айтканы жалпы парламенттин пикирин билдирбей турганын белгиледи.

Марлен Маматалиев
Марлен Маматалиев

"Эл өкүлү болгондон кийин бизге эл кайрылат экен. Керек болсо түрмөдөн кайрылса да алар менен иштегенге милдеттүүбүз. Айсара Абдибаевага буга чейин ата-энелер кайрылган экен. Ар бир депутаттын сүйлөгөнгө, мыйзам жазганга укугу бар. Бир депутаттын сөзү Жогорку Кеңештин пикири эмес. Андай мыйзам Жогорку Кеңешке түшкөн эмес, аны карайбыз деген ниетибиз жок. Биз 7-чакырылышта педофилдер ээн-эркин жүрбөгөндөй мыйзам жазганбыз, керек болсо кастрация кылсын дегенбиз. Эми 16-17 жаш деле кичине кыздар да. Биз дагы ушуга көнүшүбүз керек. Ак жеринен тузакка түшкөндөр болсо ар бирин прокуратура изилдеп, кайра карап чыгышы керек".

Ошол эле маалда эл өкүлдөрүнүн арасынан беренелерди өзгөртүүгө негиз жоктугун айткандар болду.

“Ооба, атайылап тузакка түшүрүлгөн учурлар болот. Бирок бул жоопкерчиликти жеңилдетүү керек дегенди билдирбейт. Айрыкча жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштар боюнча. Ар бир эркек жыныстык мүчөсүнүн ээси болушу керек. “Жашын билген эмесмин, паспортун көргөн эмесмин. Эмнеге сурашым керек эле?” дегени - шылтоо. Мындай болбошу керек. Биз айбан эмеспиз да, ким болсо барып жабыша бергендей. Адам болгон соң ойлонушуң керек", - деди депутат Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңеш отуз миңден ашуун адамдын үнүн эске алабы?

Эске сала кетсек, Айсаракан Абдибаева 29-сентябрда комитет жыйынында Кылмыш-жаза кодексиндеги сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар боюнча жаза айрымдар үчүн катаал болуп жатканын белгилеген. Мындан улам пробациялык жаза чегерүү жагын карап көрүү зарыл экенин сунуштаган.

Анын бул сөзү коомчулукта талаш-талкуу жаратып, мындан кийин депутатты мандаттан ажыратуу үчүн кол топтоо башталган. Учурда петицияга кол койгондордун саны 30 миңден ашканын көрүүгө болот.

Юрист Адилет Мерканов депутаттын комитетте айтканын ачык сындагандардын бири. Ал Абдибаеванын “атайын кызматка арыз менен кайрылганын сөз эркиндигине чабуул катары баалады.

Адилет Мерканов
Адилет Мерканов

“Бул жерде элдин баары эле эмне деп айтканын көргөн да. Айтылган сөз, атылган ок дейт. 82-берененин негизинде 157-беренеге пробация колдонуш керек деп жатат. 157-берене жашы жете электерга жасалган кылмыш экени жазылып турат. Депутаттын “үчүнчү күч, демөөрчүлөр” дегенин өзүнүн бир фантазиясы деп эсептейм. Сынды кабыл албастан, журналист, блогерлердин үстүнөн арыз жазам дегени сөз эркиндигине басым. Сынды туура кабыл алыш керек, аны угуп кемчилигин кайра кайталабашы керек. Эл өкүлү болгондон кийин элге пайдалуу мыйзамдарды жазышы керек болчу. Толгон-токой көйгөй бар. Бул депутат айым болсо зордуктоо менен камалгандардын жакындарына кошулуп алыптыр. Азыр зордукталгандардын ата-энелери да УКМКга кайрылып жатат. Депутат арыз жазса, анда өзү дагы суракка чакырылат, ошого даяр болсун. Бул айым бул сөзү менен журналисттерге, блогерлерге, юристтерге басым кылып жатат”.

Адилет Мерканов Конституцияда "эл бийликтин булагы" экени так жазылганын эске салып, мыйзам боюнча 31 миң адамдын петицияга кол койгону жамааттык арыз болуп эсептелерин, мындай учурда Жогорку Кеңеш мандаттан ажыратуу маселесин кароого тийиш экенин белгиледи.

Жарандык активист Бурул Усманалиева 7-октябрдагы жыйында айрым депутаттардын кесиптешин колдоп сүйлөгөнүн сынга алды. Ал Айсаракан Абдибаеванын сунушу өтүп кетсе, педофилия менен соттолгон адамдар да пробацияга чыгып кетиши мүмкүн деп чочулайт.

“Эл өкүлдөрү мыйзамдарды жана түшүнүктөрдү айырмалай билиши керек. Алар экөөнү чаташтырып жатышат. Бул коом үчүн коркунучтуу болушу мүмкүн. Албетте, “зордуктады” деп акча өндүрүү туура эмес. Бирок ал пробация менен чечилбеши керек. Бул депутат адилеттүүлүктү талап кылышы керек эле. Пробация үйдө эле отурган түрмө деген сөз. Балдарды азгырып, акча жегендер болсо, мыйзамдуу жолу менен күрөшүү керек. Ошондой топтордун бетин ачсын. Мыйзамга өзгөртүү киргизе турган болсок, чындап зордуктоого баргандар да акталып кетиши мүмкүн. Мунун артында эч кандай топтор жок. Элдин кол топтоо укугу Конституцияда да көрсөтүлгөн. Бирөө “каралап жатат” деген туура эмес. Мыйзамдар өзүнчө иштей берет. Бирок мунун коомго берип жаткан белгиси начар болуп жатпайбы. Бул өтө коркунучтуу. Ар бирибизде эже-сиңди бар. Кыргызстандын кыздарын зордуктоодон сакташыбыз керек”.

Айсаракан Абдибаеванын арызынын негизинде кимдер суракка чакырылып, кимдерге чара көрүлөрү азырынча белгисиз. Муну менен катар петицияга кол койгон отуз миңден ашуун адамдын кайрылуусун Жогорку Кеңеш эске алып, депутатка чара көрөбү деген суроо да ачык турат.

Кыргызстанда балдарга жана аялдарга карата зомбулук фактылары эң курч көйгөйлөрдүн бири. 2025-жылы Кыргызстанда 369 сексуалдык зомбулук фактысы катталганын. Расмий маалыматтарга караганда басымдуу бөлүгү зордуктоо. 137 зордуктоо фактысы, 16 жашка толо электерге карата сексуалдык мүнөздөгү 115 аракет, 43 зомбулук, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоого байланыштуу 20 факт жана башка кылмыштар катталган. Сексуалдык зомбулуктан 288 бала, 77 аял жабыркаган.


Депутаттын талаштуу сунушу, он миңдеген кишинин талабы
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:04 0:00
Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG