Navai деген ат менен белгилүү орусиялык рэпер Наваи Бакировдун Кыргызстандын чек арасынан өтүп, Казакстанда баңгизат менен кармалышын Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы иликтеп жатат.
Мекеменин “Азаттыкка” берген маалыматына ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрүү пунктунда чек ара көзөмөлүнөн өтүүнүн бардык жагдайларын аныктоо максатында кызматтык текшерүү жүргүзүлүүдө.
“Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталган учурда күнөөлүү кызмат адамдарына карата Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү чаралар көрүлөт”, - деп айтылат маалыматта.
Navai Кыргызстандан Казакстанга өтүп бара жатканда кармалган. Бул тууралуу Казакстандын Жамбыл облусунун полициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ырчы 13-октябрда “Кордай” чек ара өткөрмө бекетинде кармалган. Ал бараткан автоунааны тинтүү учурунда баңгизаты табылып, өзү убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Navai 12-октябрда Бишкектеги “Жаштык аренада” концерт берген. Уюштуруучулар 14-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өтө турган концерт “техникалык себептерден” улам токтотулганын кабарлашкан. (BTo)