Суваналиев менен Жапыкеев кыргыз тилинен кайра тест тапшырса болот

Өмүрбек Суваналиев менен Сыймык Жапыкеев. Коллаж.

2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коёрун билдирген саясатчылар Өмүрбек Суваналиев менен Сыймык Жапыкеев мамлекеттик тил боюнча сынакты үч жумуш күнүнөн кийин кайра тапшырса болот. Бул тууралуу “Кыргызтест” мекемеси кабарлады.

“Кыргызтесттин” ички тартибине ылайык, тесттен 50-59 балл алгандар үч күндөн, 40-49 упай чогулткандар 10 күндөн жана 40 баллдан төмөн алгандар 30 күндөн соң кайра сынакка кирсе болот.

Өмүрбек Суваналиев менен Сыймык Жапыкеев 8-октябрда “Кыргызтест” мекемесинде мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча тест тапшырып, лексика, грамматика, окуудан жана сүйлөөдөн өтүп, жазуудан жетиштүү балл топтой алышкан эмес.

Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттикке талапкер болуу үчүн 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтош керек. Талапкер болууну каалаган адам шайлоо фондунун каражатынан Боршайкомдун эсебине 1 миллион сом төгөт жана ал кайтарылбайт.

Талапкер мамлекеттик тилди “ортодон жогору” деңгээлде билиши керек жана “Кыргызтест” мекемесинде тапшырган тесттин жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) бериши зарыл.

Конституциялык мыйзамга ылайык, президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү шайлоону дайындоо жөнүндөгү чечим расмий жарыяланган күндөн кийинки күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 75 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 13-ноябрында аяктайт.

Адам өзүн өзү көрсөтүп же саясий партиялар талапкер чыгарса болот. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 2026-жылдын 23-декабрынан 2027-жылдын 26-январына чейин жүргүзүлөт. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте автобус айдоочусу алты машинени сүзүп, төрт адам жаракат алдыСогушта каза тапкан орусиялыктардын кеминде 281 миңинин аты-жөнү аныкталдыСтамбулда селден кийинки куткаруу жана тазалоо иштери улануудаАКШда өспүрүм мектепте ок чыгарып, кеминде төрт өмүр кыйылдыТогуз айда 21 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталдыКара-Сууда алты жашар кызга ыдык көрсөткөн деген шек менен бала бакча кызматкери кармалдыАйзада Субакожоева Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп дайындалды