Абактагы саясатчы Аскарбеков Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берди

Мавлян Аскарбеков Ленин райондук сотунда.

Саясатчы Мавлян Аскарбековдун адвокаты Эрик Ирискулбеков Ленин райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз бергенин кабарлады. Бул тууралуу жактоочу “Азаттыкка” билдирди.

Ленин райондук соту 29-сентябрда Мавлян Аскарбековду эки жылга абакка кескен. Саясатчы тергөөчү ага коюлган айыпты далилдей албаганын, айыбы жок экенин айткан.

Мавлян Аскарбековго Фейсбуктагы билдирүүсүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен кине тагылган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кылмыш иши боюнча маалымат берген эмес.

Саясатчы кармалганы 12-июндун кечинде белгилүү болгон. Ошол күнү ал Фейсбуктагы баракчасына өзү тууралуу провокациялык мүнөздөгү маалыматтар таратылып жатканын, үйүнө УКМКнын кызматкери барганын жазган.

47 жаштагы Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү окуяларды активдүү комментарийлеген саясатчылардын бири. Ал учурдагы бийликтин айрым иштерин сындаган пикирлери менен бөлүшүп, коомдогу окуяларга көз карашын билдирип жүрчү. (BTo)

Дагы караңыз

Петербургдагы жапырт чабуул: мунай базасы, кампа, дата-борбор өрттөнүп жатат ИИМ жарандарды экстремисттик уюмдардын ишмердигинен сак болууга чакырдыФранцияда кымбатчылыкка каршы акцияга 550 миңдей киши чыкты, жүздөгөнү кармалды Молдова аба мейкиндиги бузулганын билдирди, Польша дрон тууралуу маалыматты текшерүүдө Юхан Догдурбек уулу күрөш боюнча U-23 дүйнө чемпионатынан күмүш медал алдыЧүйдүн Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы кармалдыБишкек мэриясынын Транспорт департаментинин директору кызматтан алынды