Бишкектин Свердлов райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаеванын жана Жогорку Кеңештин абийирин коргоп сотко кайрылган тараптын юрист Адилет Меркановго каршы доо арызын кабыл алган жок.
Юрист Меркановдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, сот доо арызды мамлекеттик алым төлөнбөгөндүктөн кайтарган.
"Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаеванын өкүлдөрүнүн мага каршы доо арызы Свердлов райондук сотунда каралмак. Бирок судья Акматова алардын доо арызын кайтарып берди", -деген Мерканов бул иш толук жабылды дегенди билдирбей турганын, депутаттын өкүлдөрү сотко кайра кайрыла аларын кошумчалады.
Юристти сотко берген "Эл коррупцияга каршы жана демократиялык өзгөрүүлөр үчүн" коомдук бирикмесинин төрагасы Бекболот Калыбеков маалыматка тактоо киргизип, бул иште үчүнчү тарап деп белгиленген Жогорку Кеңеш жана депутат Айсаракан Абдибаева мамлекеттик алымды төлөбөгөнү үчүн доо арыз кабыл алынбаганын "Азаттыкка" ырастады.
Аталган коомдук бирикме Абдибаеваны мандатынан ажыратуу боюнча демилге көтөргөн юрист Адилет Меркановго каршы сотко кайрылган. Мерканов доо арыз депутаттын күйөөсү Жолдошбек Сулайманов төрагалык кылган Свердлов райондук сотуна берилгенин айтып, муну "кызмат абалынан пайдалануу" деп сыпаттаган.
Абдибаеванын жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыш үчүн жазаны жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушу коомчулуктун сынына кабылып, анын депутаттык мандатын чакыртып алуу үчүн кол топтоло баштаган эле. 31 900 адам кол койгон петиция Жогорку Кеңешке берилген.
Буга чейин Айсаракан Абдибаева жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттери үчүн соттолгондорго пробация колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштаган. Бул билдирүүдөн кийин айрым жарандар депутаттын мандатын чакыртып алууну талап кылып, петиция түзүшкөн. Демилгечи Адилет Мерканов бул боюнча Жогорку Кеңешке да кайрылган.
Депутат өзүнө карата айтылган сындарды "кара пиар" деп атап, мандатынан ажыратууга кызыкдар тараптар бар экенин билдирген. Ошондой эле ал УКМКга кайрылган. Андан кийин Мерканов суракка чакырылган. (ZKo)