Бишкек шаарына жылуулук 28-октябрда берилет

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаада жылытуу мезгили 28-октябрдан тарта башталарын кабарлады.

Мындай чечим абанын температурасынын төмөндөшүн, гидрометеорологиялык кызматтын аба ырайы боюнча болжолун, ошондой эле турак үйлөрдү жана социалдык объектилерди жылытуу үчүн электр энергиясын керектөөнүн көбөйүшүнө байланыштуу электр тармактарына түшкөн жүктү азайтуу үчүн кабыл алынган.

Эреже боюнча абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 °Cден жана андан төмөн болгон учурда жылытуу мезгили башталат.

Адатта жылуулук биринчи социалдык объектилер: мектеп, бала бакча, медициналык мекемелер, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо уюмдарына, андан соң көп кабаттуу турак үйлөр жана жеке секторго берилет.

Министрлер кабинети 2024-жылы Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берген. (BTo)

Дагы караңыз

Сот Элдар Жакыпбеков баш болгон беш адамды камакта калтырдыБразилиядагы президенттик шайлоо: Экинчи айлампада Лула да Силва жеңди Александр Вучич парламенттик шайлоодо жеңилгенин моюнга алды Садыр Жапаров сотторду УКМК кызматкерлеринен "коркпоого" чакырдыДүйнө чемпионаты: Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн коло алдыАбактагы Темирлан Султанбеков кайра кат жазып, сот өкүмүн "саясий кысым" деп атады “Ош базары” жаңы ордуна 2027-жылдын жазында көчүрүлөт