Кыргызстан Airbus үлгүсүндөгү 10 учак сатып алууну пландап жатат

“Airbus А321ceo” учагынын үлгүсү.

Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов Кыргызстан Airbus үлгүсүндөгү 10 учак сатып алууну пландап жатканын айтты. Бул тууралуу ал “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жакында Бишкекте Airbus концернинин өкүлдөрү менен жолугушуу өтүп, кызматташтыктын шарттары талкууланды.

Бостонов ошондой эле жакында АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун Өзбекстандын Самарканд шаарына болгон сапарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин өкүлү Boeing корпорациясынын жетекчилери менен да Кыргызстанга учак сатып алуу тууралуу сүйлөшкөнүн кошумчалады.

Буга чейин Кыргызстандын авиакомпаниялары үчүн Boeing учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланганы, бул жаатта АКШнын Экспорттук-импорттук банкынан (EXIM Bank) каражат тартуу, техникалык тейлөөнү жана авиациялык инфраструктураны өнүктүрүү жөнүндө да сөз болгону айтылган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 7-октябрда Asman Airlines авиакомпаниясынын авиапаркын кеңейтүүгө 2026-жылы 5 млрд 836 млн сомдон ашык каражат бөлүнүп, мамлекет Airbus 321 үлгүсүндөгү эки учак сатып аларын билдирген.

Asman Airlines (“Асман аба жолдору”) мамлекеттик авиакомпаниясы 2024-жылы 27-сентябрдан баштап өлкөнүн ичинде бардык багыттар боюнча ички каттамдарды аткара баштаган. (BTo)

Дагы караңыз

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунда 10 миңден ашык жумушчу иштеп жататКоомдук ишмер Рамазан Дырылдаев дүйнөдөн кайтты"Кумтөр" ишканасы мамлекетке которгон төлөмдөрүн эки эсе көбөйткөнүн билдирди Тажикстанда 18 жаштан жогорку курактагылар гана миграцияга бара алат Харьковдо Орусиянын ракета соккусунан эки адам мерт кетип, төртөө жаракат алдыАнглиялык футболчу Харри Кейн “Алтын топ” сыйлыгын алдыКыргызстанда күйүүчү майдын жыл аягына чейин жете турган кору барДүйнө чемпионаты: Амантур Исмаилов грек-рим күрөшүнөн коло алды