Эсептик чен 12% деңгээлинде калып, инфляция 10,8% төмөндөдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырып, чечим 27-октябрда күчүнө кирди. Өлкөнүн негизги банкынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда октябрь айында жылдык инфляциянын көрсөткүчү сентябрь айындагы 12,2% деңгээлинен төмөндөп, 10,8% (жыл башынан бери инфляция 8,5%) түздү.

Улуттук банк Жакынкы Чыгышта абалдын курчушу Кыргызстандагы инфляциялык процесстерге таасирин тийгизип жатканын билдирди.

2026-жылдын 9 айында Ички дүң өнүм (ИДӨ) 10,8% өстү. Экономика негизинен курулуш сектору, туристтик ишкердик жана өлкөдө өткөрүлүп жаткан ири эл аралык иш-чараларга байланыштуу өсүп жатат.

Эсептик чен - инфляциялык процессти жөнгө салуучу негизги финансылык куралдардын бири болуп саналат. Ал коммерциялык банктардагы насыялар менен депозиттердин пайыздык ченине түз таасир этет.

Коммерциялык банктар өзүнүн пайыздык чендерин аныктап жаткан учурда Улуттук банктын эсептик ченине багыт алышы кажет. Улуттук банктын эсептик чени жогору болсо, коммерциялык банктардын насыялары менен депозиттеринин пайыздык чендери да жогору болот, төмөн болсо төмөндөйт. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстан Airbus үлгүсүндөгү 10 учак сатып алууну пландап жататУкраинада дрон жана ракета соккусунан адам өмүрү кыйылдыЭки баласы менен курьер болуп иштеген аялга элден 7 миллион сом чогултулдуКытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунда 10 миңден ашык жумушчу иштеп жататКоомдук ишмер Рамазан Дырылдаев дүйнөдөн кайтты"Кумтөр" ишканасы мамлекетке которгон төлөмдөрүн эки эсе көбөйткөнүн билдирди Кыргызстанда күйүүчү майдын жыл аягына чейин жете турган кору бар