Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мектептеги жана бала бакчадагы балдарга берилүүчү тамак-аштын рационун жана сапатын текшерүүнү, аш-тизмеден кумшекер менен чайды алып салууну талап кылды. Депутат балдардын тамагына тендер жарыялоо дагы деле уланып жатканын, бул өз кезегинде тамактын сапатсыздыгына алып келип жатканын белгилеп, ишти туура уюштуруучу комбинат түзүүнү сунуштады.
"Мындан бизнести четтетип, мамлекеттик деңгээлде балдар тамагынын комбинатын түзүү керек. Бул тамак-аш боюнча өлкөдө жалгыз мамлекеттик оператор болот жана мектеп, бала бакча, оорукана, балдар үйлөрү, карыялар үйлөрү, абактарга чейинки социалдык мекемелердин ашканаларына азык-түлүк сатып алып, тамагын уюштурат. Фермерлер менен түз байланышып, алардан экологиялык таза жашылча-жемиш жана башка азыктарды сатып алат. Мына ошондо тартип болот, балдар, карыялар, бейтаптар туура тамактанат. Бизге тамактануу боюнча бирдиктүү оператор керек", - деди Дастан Бекешев.
Кыргызстандагы бала бакча, мектеп, оорукана жана башка социалдык мекемелердеги тамактын сапатына сын пикирлер арбын айтылып келет.
19-октябрда Агартуу министрлиги Кыргызстанда 1–4-класстын окуучуларынын тамак-ашына бөлүнгөн акчаны жаңы жылдан тартып бир балага күнүнө 14 сомдон 40 сомго чейин көбөйтүүнү сунуштап, коомдук талкууга чыгарды.
2024-жылы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги карамагындагы социалдык стационардык мекемелерде убактылуу жана туруктуу жашаган адамдардын тамак-ашына бөлүнгөн акча көбөйтүлгөн. Ден соолугунан майыптыгы бар улгайган адамдарга, чоңдорго жана психоневрологиялык оорулуу чоң адамдардын бир күндүк тамагына 200 сом, ал эми психоневрологиялык оорулуу балдарга күнүнө 220 сом төлөнөт.
2023-жылы күзүндө башында Акылбек Жапаров турган кыргыз өкмөтү Кыргызстанда бала бакчаларда балдарды мамлекеттин эсебинен багууну токтотуу керектигин, балдардын тамагына ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү төлөөгө тийиштигин айтканы коомчулукта нааразылык жараткан.(ZKo)