Кыргызстанда электр жарыгын керектөө бир жылда 29,1% көбөйдү

Кыргызстандагы электр линиялары. Иллюстрациялык сүрөт.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” (КУЭТ) ишканасы 2026-жылы өлкөдө электр энергиясын керектөө 2025-жылга салыштырмалуу 29,1% көбөйгөнүн билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, былтыр 30-октябрда калк бир суткада 51 млн 132 миң кВт/саат электр жарыгын колдонсо, быйыл 30-октябрда ал 66 млн 22 миң кВт/саатка жетти.

Кыргызстан 2026-жылы 19,6 млрд кВт/саат электр энергиясын керектейт деп эсептелсе, анын 15,5 млрд кВт/сааты өлкөдө өндүрүлөт. Калган бөлүгүн суунун көлөмүн төмөндөтпөө жана сууну сарамжалдуу пайдалануу үчүн 4,1 млрд кВт/саат электр жарыгы импорттолот.

Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы керектөөнү толук жаппайт. Ушундан улам жыл сайын күз-кыш мезгилине Казакстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан электр жарыгын сатып алат. (BTo)

Дагы караңыз

Нетаньяху да, оппозиция да шайлоодо көпчүлүккө жете алган жокBinance хакердик чабуулга кабылып, 6,3 млрд долларлык активдер жабыркадыАкыркы жылдары автоунаа жолдорун салууга 60 млрд сом бөлүндүБорбор Азияда электрди керектөө үч жылда 27% өсүшү мүмкүн экени айтылдыОлешкиде гуманитардык миссия үчүн жолдор минадан тазаландыКасымалиевге "Эмгек баатыры", Туманбаевге I даражадагы "Манас" ордени ыйгарылдыДүйнө чемпионаты: Мээрим Жуманазарова күмүш медал алдыЫрчы Мирбек Атабековго Эл артисти наамы берилдиОлешкиде атышпоо режими сакталып жатканы айтылды