Кыргызстанда бир чоң компания Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын (Финкөзөмөл) брокердик лицензиясын колдонуп, өзүнө караштуу дагы 20-22 ишкана ачып, элден 5 млрд сом чогулткан. Бул тууралуу Финкөзөмөл кызматынын төрагасы Кайрат Маматов “Биринчи радионун” эфиринде айтты.
Анын маалыматына караганда, сөз болуп жаткан компания каражатты пайызга алган. Мындай ишмердик жүргүзүү үчүн Улуттук банктын лицензиясы талап кылынат. Кайрат Маматов ал ишкана боюнча чогултулган материалдар Ички иштер министрлигине (ИИМ) өткөрүп берилгенин, териштирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалап, бирок аталышын ачыктаган жок.
“Жарандарга 18-28% чейин пайыздык кирешени убада кылып, 5 млрд сом чогултуп алышыптыр. 3,5 млрд сомдой каражаты калыптыр. Биз ишти көзөмөлгө алып, ага тиешелүү адамдардын чет өлкөгө чыгышына чектөө коюлду. Элдин акчасын кайра кайтаргыла деп талап коюп атабыз”, - деди ал.
Кыргызстанда каржы пирамидасынан жабыркагандар соңку жылдары көбөйүүдө. Адистер аны баштаган саналуу адамдар гана киреше таба аларын, калгандарында андай мүмкүнчүлүк болбой турганын, бул кадимки алдамчылык экенин эскертип келишет.
Каржы пирамидаларына акчасын алдатып, сызга отуруп калгандар көп. Милиция элди жеңил жана тез киреше табууну сунуш кылган каржы пирамидаларына алданбоого чакырып, алардын иши мыйзамсыз экенин кабарлап келет. (BTo)