2031-2032-жылдары Кумтөр алтын кениндеги карьерди иштетүү аяктап, андан кийин бардык техника Жетим-Тоо кенин өздөштүрүүгө багытталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 3-ноябрда Талас облусунда Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугушууда айтты.
Мамлекет башчы мындан тышкары Таластагы Талды-Булак, Андаш жана Бала-Чычкан кендерин мамлекет инвесторлорго лицензия сатпастан, 100% өз күчү менен өздөштүрөрүн билдирди. Маалыматка ылайык, бул кендерди иштетүү үчүн “Кыргызалтын” ишканасында кесипкөй адистерден турган команда түзүлгөн.
Садыр Жапаров июнь айында Нарындын Ат-Башы районунда эл менен жолугушууда Жетим-Тоону иштетүүгө болжол менен 9 млрд доллар кетерин, мамлекеттин күчү жетсе өзү колго аларын, каражат табылбаса кенди инвестор таап, чогуу казуу жолун караштырарын билдирген.
Кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштеткен Кумтөр кенин башкарууну өз колуна алып, узак талаш-тартыштан кийин – 2022-жылдын апрелинде аны толук өткөрүп алган. Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26% өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.
“Кыргызалтын” ачык акционердик коому “Кумтөр” компаниясынын жалгыз акционери жана 100% акциясына ээлик кылат. (BTo)