Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен шаардык кеңештин депутаты Таалайбек Жакыпов 21-декабрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу райондук соттун маалымат кызматы 14-ноябрда билдирди.
Шаардык кеңештин "Жаңы күч" фракциясынын мүчөсү Таалайбек Жакыпов кармалып, Октябрь райондук соту аны Бишкектин аймагынан чыкпоо тил каты менен үй камагына чыгарганы 22-октябрда маалымдалган.
23-октябрда Октябрь райондук милициясы Жакыповго козголгон кылмыш иши токтотулганын "Азаттыкка" кабарлаган. Жабырлануучу тарап материалдык чыгым төлөнгөнүн айтып, тосмо арыз жазып бергени айтылган.
Арыз берген тараптын өтүнүчү менен 22-октябрда кылмыш иши Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстин 27-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык (Кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жокко чыгаруучу жагдайлар, кылмыш окуясы болбогондо) токтотулган.
Шаар кеңешинин депутаты алдамчылыкка (Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү) шектелип жатканы кабарланган.
Шектүүнүн жакындары, өзү жана жактоочусу комментарий бере элек.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн 2024-жылдын 17-ноябрында Бишкек шаарында "Жаңы күч", "Эмгек", "Адилет", "Ынтымак" жана "Эл үмүтү" партиялары босогодон өтүп келип, 51 депутаттык орунду ээлеген. (ZКo)