Саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана өлкөгө ташып кирүүгө тыюу салынганын билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер комитетинин 16-ноябрдагы жыйынында айтты.
“Азыр Экономика жана коммерция министрлиги менен жумушчу топто чогуу-чаран иштеп атабыз. Президенттин сунушу менен аны (ред: энергетикалык суусундуктар) өндүрүүгө жана алып кирүүгө тыюу салынды”, - деди ал.
Президент Садыр Жапаров ноябрь айынын башында энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана өлкөгө киргизүүгө тыюу салуу маселесин бир айдын ичинде карап чыгууну, алты ай аралыгында мыйзам алкагында жөнгө салуу тапшырмасын берген.
Мамлекет башчынын маалыматына караганда, 2025-жылы Кыргызстанда 25 млн 263 миң литр энергетикалык суусундук өндүрүлгөн. Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден 28 млн 430 миң литр, ал эми үчүнчү өлкөлөрдөн 1 млн 239 миң литр алып келинген. Бул тармактан түшкөн салык жана бажы төлөмдөрү 2025-жылы 1 млрд 104 млн 100 миң сомду, ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 996 млн 710 миң сомду түзгөн.
Жапаров Литвада, Латвияда энергетикалык суусундуктарды кадимки дүкөндөрдө эркин сатууга чектөө коюлганын, Польшада 2024-жылдан баштап 18 жашка чейинкилерге сатуу мыйзам аркылуу токтотулганын, Казакстанда 2025-жылдын 1-январынан тартып 21 жашка чейинкилерге энергетикалык суусундуктарды сатууга толук тыюу салынганын мисал келтирген.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө же өлкөгө киргизүүгө тыюу салуудан, республикалык бюджет түз жана кыйыр салыктардан болжол менен 1,5 миллиард сом кирешеден кол жууйт. (BTo)