Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (Муфтият) кичи умра сапарына баратып Өзбекстандын Ташкент шаарында калып калган кыргыз жарандарынын 54ү умрага кетип, калганы Кыргызстанга кайтарын билдирди.
Бул тууралуу муфтийдин орун басары Шакир ажы Маматов Ташкентте зыяратка бараткан кыргызстандыктар менен жолугушканда белгилүү болду.
“Нур Умра трэвел” туристтик компаниясы Кыргызстандын 100дөн ашык жаранын кичи умра сапарына жиберип, алар Ташкент шаарынын аэропортунан уча албай калышкан.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, ишкана зыяратчыларды умра тиркемесинен каттоодон өткөрбөй, Өзбекстан аркылуу сапарга чыгарган. Ушундан улам алар ара жолдо калган.
Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, “Нур Умра трэвел” туристтик компаниясынын жетекчиси Мирзат Кошоеваны кармаган. Ал камалганга чейин “Азаттыкка” комментарий берип, бардык кардарлар умрага жөнөтүлөрүн убада кылган. (BTo)