Баткенде куурап калган көчөттөр боюнча кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура тараткан сүрөт.

Башкы прокуратура Баткен облусунун Лейлек районунда “Жашыл чек ара” долбоорун ишке ашыруудагы алешемдиктер боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Башкы көзөмөл органы кабарлагандай, Ош экологиялык прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө долбоорго 100 млн 887 миң 900 сом бөлүнгөнүнө карабастан көчөттөрдүн өсүшү жана сугарылышы үчүн зарыл шарттар түзүлбөй, 95% жакыны куурап калганы аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси – “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө. (BTo)

Дагы караңыз

Трамп, Путин жана Си биринчи жолу үч тараптуу жолугушуу өткөрүштүАрслан Койчиев “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти менен жолуктуАгартуу министрлиги Чүйдө өрт чалган мектеп боюнча маалымат бердиОрусия Украинаны "Оникс" ракетасы жана дрондор менен аткыладыHRW кыргыз бийлигин Бактыбек Молдалиевди абактан бошотууга чакырдыЗыяратка баратып Ташкентте калып калгандардын 54ү умрага кетип, калганы өлкөгө кайтатУлуттук банк быйыл валюта базарына 2 млрд 500 млн доолар сатты