Он айда 23 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2026-жылдын 10 айында (январь айынан октябрга чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 23 миң 414 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2025-жылдын алгачкы 10 айына салыштырганда 28,3% же 5 миң 160 фактыга көп.

Укук бузуу жөнүндөгү кодекстин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен 7 миң 432 протокол түзүлүп, соттордун кароосуна жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында 3 миң 901 адам камакка алынып, 2 миң 362си коомдук ишке тартылган. Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен 31 кылмыш иши козголгон.

Расмий статистика өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук көбөйүп жатканын көрсөтүүдө. 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 миң 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% же 4 миң 212ге көп болгон.

2025-жылы 22 миң 152 факты катталган. Былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 656 кылмыш иши козголуп, 458 аял, 104 бала жана 94 эркек киши жабыркаганы аныкталган. (BTo)

Дагы караңыз

Баткенде куурап калган көчөттөр боюнча кылмыш иши козголдуТрамп, Путин жана Си биринчи жолу үч тараптуу жолугушуу өткөрүштүАкунбеков Түркмөнстанга мунай заттарын Кыргызстанга ортомчусуз жеткирүүнү сунуштадыКрым көпүрөсүндөгү жабыркоонун спутниктен тартылган жаңы сүрөтү жарыяландыАрслан Койчиев “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти менен жолуктуОрусия Украинаны "Оникс" ракетасы жана дрондор менен аткыладыHRW кыргыз бийлигин Бактыбек Молдалиевди абактан бошотууга чакырды