“Кой-Таш иши” боюнча соттолуп, Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков “Кемпир-Абад ишине” байланыштуу абактан жазган каты Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
Ал башкы прокурор Малик Бектургановго жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Максат Асаналиевге арыз жазып, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев баш болгон 10го жакын прокурорду, ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрүн, сотторду жана эксперттерди Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кылмыш жасады деп мыйзамсыз айыптоо” жана “Мыйзамсыз кармоо же камакка алуу” беренелери менен жоопко тартууну талап кылды.
Равшан Жээнбеков “Кемпир-Абад иши” боюнча айып тагылгандар 20 ай тергөө абагында отурганын, бир жыл он ай сотто жүргөнүн айтып, кийин алар Биринчи май райондук сотунан жана Бишкек шаардык сотунан акталышканын кошумчалады.
“Тергөөчү, прокурор жана сот бири-бирин колдоп, уюшкан топ болуп алып мыйзам бузбастан, бири-бирин көзөмөлдөгөн, биринин кетирген катасын экинчиси жойгон, мыйзамга гана кызмат кылган, адамдардын эркиндигин жана укуктарын коргогон эң маанилүү мамлекеттик институттардын өкүлдөрү болушу керек. Бул мамлекеттик, мыйзам үстөмдүгү жана адилеттүүлүк”, - деп айтылат катта.
Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга бербөө талабы менен чыккан жалпы 27 адам 2022-жылы күзүндө кармалып, камакка алынышкан. Аларга Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен иш козгоп, 2023-жылдын январында кылмыш ишине “жашыруун” деген гриф коюлган. Ишти ИИМдин Тергөө кызматы тергеп, ошол жылдын июнь айында сотко өткөргөн.
Айыпталуучулардын баары коюлган кинени мойнуна алган эмес. Кармалган 27 кишинин ичинен сегизи тергөө абагында калып, калгандары түрдүү жагдайда эркиндикке чыккан.
“Кемпирабадчыларды” 2024-жылдын 14-июнунда Биринчи май райондук соту, 2026-жылдын 27-мартында Бишкек шаардык соту актаган. “Кемпирабадчыларга” иш козголуп, камалган учурда Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, Курманкул Зулушев башкы прокурор болуп турган.
Бул иш боюнча камалып чыккан Перизат Суранова жана Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова мамлекеттен кенемте өндүрүү боюнча арыз жазып, иш Биринчи май райондук сотунда каралууда.
Равшан Жээнбековду 2025-жылдын 3-июнунда “Кой-Таш ишине” байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук 7 жыл 8 айга кескен. Ал ошол күндөн бери абакта отурат.(BTo)