Депутаттар тобу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти менен жолугушту

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу жана “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун жетекчилери. Бишкек. 2026-жыл, 20-ноябрь.

20-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттар тобу - Болот Ибрагимов, Элвира Сурабалдиева, Мирлан Жээнчороев, Нилуфар Алимжанова жана Дастан Бекешев “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Лиза Көртис, RFE/RL'дин Борбор Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Толкун Умаралиев, “Азаттыктын” кыргыз кызматынын директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Ашакеева, “Азаттыктын” Бишкек бюросунун жетекчиси Бакыт Асанов менен жолугушту.

Жолугушууда Элвира Сурабалдиева “Азаттык” радиосунун Кыргызстанда жана дүйнөдө болуп жаткан окуялар тууралуу калкка сапаттуу, ар тараптуу жана объективдүү маалымат жеткирүүдө салымы чоң экенин айтты.


Нилуфар Алимжанова жаш жана таланттуу журналисттерди колдоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууну сунуштаса, Дастан Бекешев “Азаттык” ишенимдүү маалымат булагы гана болбостон, кесипкөй кадрлардын устаканасына да айланганын айтып, редакциянын мурдагы кызматкерлери Кыргызстандын ар кандай мамлекеттик органдарында эмгектенип жатканын мисал келтирди.

Лиза Көртис “Азаттык” радиосунун ишмердиги, миссиясына жана алдыдагы пландарына учкай токтолуп, радио 2025-жылы башынан өткөргөн кризистен кийин иши толугу менен туруктуу нукка түшкөнүн, ошондой эле АКШнын Конгресси медиага колдоо көрсөтүп жатканын айтты.

19-ноябрда Бишкекте мамлекеттик катчы Арслан Койчиев “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Лиза Көртисти кабыл алган. (BTo)



Дагы караңыз

Ошто жол кырсыгынан 7 жана 12 жаштагы эже-сиңди каза болдуАбактагы Жээнбеков Зулушевди жоопко тартууну талап кылдыБаткенде куурап калган көчөттөр боюнча кылмыш иши козголдуМолдалиевдин апасы президенттен уулун үй камагына чыгарып берүүнү сурандыБШК Оштун мэри шайлоого аралашканы тууралуу маалыматты четке какты“ЭлКат” Кыргызстанга интернет-трафикти жеткирүүчү жалгыз компания болдуЧүйдө ишкерден 100 миң доллар талап кылган деген шек менен эки адам кармалдыОн айда 23 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталдыАкунбеков Түркмөнстанга мунай заттарын Кыргызстанга ортомчусуз жеткирүүнү сунуштады