Украина оккупациядагы аймактардан дагы тогуз баласын бошотуп алды

Мекенине кайткан балдар. 2026-жылдын 27-ноябры.

Украина 27-ноябрда Орусиядан жана бул өлкө көзөмөлдөгөн аймактарынан 10 адам кайтарып алды. Алардын тогузу балдар, бири Херсон облусундагы Олешки балдар үй-интернатынын мурдагы тарбиялануучусу.

Бул тууралуу Жогорку Рададагы адам укуктары боюнча өкүл Дмитрий Лубинец билдирди. Анын айтымында, балдарды кайтаруу иши АКШнын биринчи айымы Мелания Трамптын ортомчулугу менен уюштурулду.

Кайтарылган балдар Херсон жана Запорожье облустарынын оккупацияланган бөлүктөрүндө, Крымда жана Орусиянын аймагында болушкан. Алардын эң кичүүсү сегиз жашта. Топ менен кошо небересин жетелеп келген чоң эне да Украинага өттү жана өлкөдө калууну көздөп жатканын билдирди.

Лубинец айрым балдарды кайтаруу жараяны бир жылдан ашык убакытка созулганын билдирди. Президент Владимир Зеленскийдин маалыматына караганда, Орусиянын кеңири масштабдагы баскынчылыгы башталгандан бери Украина жалпысынан 2875 баласын кайтарып алды.

Украинанын расмий маалыматтарына караганда, согуш маалында 20 миңден ашуун украиналык бала Орусияда жана оккупацияланган аймактарда калган. Украин бийлиги алардын саны мындан да көп болушу мүмкүн деп эсептейт.

2023-жылы мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путинди жана балдардын укуктары боюнча өкүлү Мария Львова-Белованы украиналык балдарды мыйзамсыз депортациялоого байланыштуу аскердик кылмыштарга шектүү деп таап, аларды камакка алуу боюнча ордер чыгарган. Москва бул айыптоолорду четке кагып келет.

Дагы караңыз

"Камерада уйкум жакшы канды". Орусиянын түрмөлөрү туристтик жайга айланууда"Эми барсам тирүү калбайм". Согуштан качып келген Каныбекти ким коргойт?"Жасалма атаандаштыкпы?" Талкуу жараткан кол топтоо жараяныУкраинада ракета жана дрон соккусунан кеминде үч өмүр кыйылды