ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:34

"Жасалма атаандаштыкпы?" Талкуу жараткан кол топтоо жараяны

Иллюстрациялык коллаж сүрөт.
Иллюстрациялык коллаж сүрөт.

«Түндүк» тиркемеси аркылуу талапкерлерди колдоого үндөгөн мамлекеттик кызматкерлердин чакырыгы суроо жана талкуу жаратууда. Бул жөн гана маалыматтык өнөктүкпү же бийликтин шайлоодогу атаандаштыкты башкаруу аракетиби?

Мамлекеттик кызматкерлер президенттик шайлоого катышуу ниетин билдиргендерди «Түндүк» тиркемеси аркылуу колдоп коюуга чакырган билдирүүлөрдү таратууда. Буга чейин ушундай чакырык менен президенттик администрациянын өкүлдөрү да чыккан. Бийлик өкүлдөрү муну жарандарга маалымат жеткирүү жана саясий активдүүлүктү жогорулатуу аракети катары түшүндүрүп жатышат.

Ошол эле учурда административдик ресурс маселесине көңүл буруп, муну шайлоодогу атаандаштыктын жасалма көрүнүшүн жаратуу аракети катары баалагандар да жок эмес.

«Түндүк» аркылуу талапкерлерди колдоо тартибин билесизби?

ИИМ жарандарды «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу талапкерлерди колдоого чакырат.

Кол коюу добуш берүү эмес, талапкерди каттоо үчүн зарыл болгон этаптардын бири. Ар бир жаран бир нече талапкерге колдоо көрсөтө алат.

8-декабрга чейин бир же бир нече талапкерге электрондук кол коюуга болот.

Соңку күндөрү мамлекеттик органдардын социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында мына ушундай кайрылуулар көп кезиге баштады.

Бир катар министрликтер менен мамлекеттик мекемелер жарандарды президенттик шайлоого талапкер болуу ниетин билдиргендерди «Түндүк» системасы аркылуу колдоого чакырып жатат.

25-ноябрда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов кол топтоого берилген мөөнөт аяктап баратканын белгилеп, жарандарды талапкер болуучуларды колдоого үндөгөн.

“Антпесек, 30 миң кол топтой албай жаткан талапкерлер саясатка айлантып, бийлик бут тосуп жаткандай айтышы мүмкүн. “Түндүктө” эч ким бут тосо албайт. Талапкерге добуш берген тизме талапкердин өзүнөн башка эч кимге көрүнбөйт. Жөн эле бийликти жамандап, саясатташтырганды токтотолу”, - деп жазган Алагөзов.

Президенттик шайлоого талапкер болуу ниетин билдирген 11 жаран Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген. Алардын алтоо - Сыймык Жапыкеев, Садыр Жапаров, Исхак Масалиев, Бактыбек Калмаматов, Клара Сооронкулова жана Аймен Касенов 30 миңден ашуун кол топтоп бүттү.

Калган бешөөнүн бул өнөктүгү уланууда. Мыйзамга ылайык, талапкер болуп катталуу үчүн 8-декабрга чейин ар бири кеминде 30 миң кол топтошу керек.

Азамат Тынай
Азамат Тынай

«Мурункуга караганда, эстесеңер, талапкерлер Кыргызстандын ар кыл аймагына чатыр тигип, үгүтчүлөрдү тартып, күнү-түнү көчөдө же үйлөрдү кыдырып кол чогултушчу. Бул эмне деген азап эле. Ал эми азыр смартфонду ачып, тиркемеге кирип, өзүң тандаган талапкерди бир нече баскыч аркылуу колдоп койсоң жетиштүү. Электрондук из калат системада. Ал системага кирип, баары анык экенин көрүп, далилдеп койсо болот. Мына, технологиялардын күчү жана пайдасы», - дейт медиа эксперт Азамат Тынай.

Буга чейин президент Садыр Жапаров шайлоого катышуу ниетин билдирген сегиз адамды кабыл алган. Жолугушуудан кийин ал социалдык тармактар аркылуу кайрылуу жасап, элди шайлоого аттангандардын баарын «Түндүк» тиркемесинен колдоп коюуга чакырган.

Аны улай мамлекеттик кызматкерлердин да жапырт чакырык жасап жатышы коомчулукта административдик ресурс жана шайлоодогу атаандаштык маселесине байланыштуу суроолорду жаратууда.

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

«Авторитардык режимдей кылып, жапырт бир мобилизация боло тургандай, пропагандалык, административдик иш-чарага айлантуунун кереги жок болчу. Биз мындан ыкмадан кетишибиз керек эле. Мамлекеттик кызматкер өзүнүн жумушунда мамкызматкер, бирок ал ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын жараны. Анын өзүнүн эрки, ою, өзүнүн тандоосу бар да. Биз ошону эске алышыбыз керек. Мамлекеттик кызматкерди биз 24/7 мамкызматкер кылып, баш көтөртпөй, жетекчиликтин айтканын аткарууга милдеттүү деген нерсеге алып келип койгонбуз», - дейт саясат талдоочу Руслан Акматбек.

Саясат талдоочу Мүсүркул Кабылбеков мамлекеттик кызматкерлердин бул жараянга аралашуусу туура эмес деген пикирин билдирди:

Мүсүркул Кабылбеков
Мүсүркул Кабылбеков

«Мамлекеттик органдардын талапкерлерди колдоого чакырышынын өзү нонсенс. Алар буга аралашпашы керек. Ар кимдин өзүнүн функционалдык милдеттери бар. Бул чоң популизмге окшошуп жатат. Элди азыркы президент жеңип чыгарына даярдап, шайлоодон кийин эч кандай суроо жаралбагандай кылып жатышат. Алар талапкер болом дегендердин баарына бирдей шарт түзүлгөнүн көрсөткүсү келип жатат. Бирок чыныгында мындай шарт татыктуу атаандаштык болгондо гана түзүлөт. Дүйнөлүк тажрыйбада мындай процесстер белгиленген эрежелер жана протоколдор боюнча өтөт. Бизде болуп жаткандай чакырыктар жок. Азыркы көрүнүш кандайдыр бир кооптонууларды жаратып жатат».

Кол топтоо добуш берүү эмес, талапкерди шайлоого каттоо үчүн мыйзамда каралган жол-жобо. Ага ылайык, ар бир жаран «Түндүк» тиркемеси аркылуу бир нече талапкерге колдоо көрсөтө алат.

18-ноябрда “Түндүк” тиркемесинде талапкерлерге кол чогултуу бөлүмүнүн иши үзгүлтүккө учураган. Талапкер болуу үчүн арыз берген Бактыбек Калмаматов бул көрүнүштү сынга алып, шайлоо процессине карата күмөн саноо пайда кыларын айтып чыккан.

“Кызмат” ишканасы бул техникалык мүчүлүштүк ошол күнү эле оңдолгонун, бул кол чогултуунун ачык-айкындыгына доо кетирбей турганын түшүндүргөн.

Президент Садыр Жапаров жарандарды «Түндүк» тиркемеси аркылуу президенттикке ат салышууга ниеттенгендерге кол топтоого жардам берүүгө 18-ноябрда алардын өзүлөрү менен жолугушкандан кийин чакырган.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

«Ошондуктан мен сиздерден кайсы талапкердин кол топтоо эсеби 30 миң добушка жетпей жаткан болсо, “Түндүк” аркылуу добуш берип, жардам берип коюшуңуздарды көптөн-көп суранамын», — деген Жапаров.

«Түндүк» аркылуу кол коюу талапкердин шайлоого катышуусуна жол ачкан алгачкы баскыч экенин белгилеген мамлекет башчысы жарандарды бардык талапкерлердин программалары менен таанышып, сунуштарын салыштырууга жана шайлоо күнү өз тандоосун жасоого үндөгөн:

«“Түндүктөн” кол коюу - добуш берүү эмес. Талапкерлердин шайлоого катышуусуна жол ачкан алгачкы баскыч гана. Ар бир талапкердин программасын угуңуздар, сунуштарын салыштырыңыздар, терең талдоо кылыңыздар. Ал эми ким президент болорун шайлоо күнү өзүңүздөр чечесиздер».

Жапаров ошондой эле алдыдагы президенттик шайлоодо бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүшү керектигин билдирип, административдик ресурсту колдонууга жол берилбей турганын белгилеген.

Ал мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге кайрылып, өзүнүн шайлоого катышып жатканы аларды жеке өзүнө иштөөгө милдеттендирбей турганын айткан.

Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрү алдыдагы шайлоодо кайсы бир талапкердин пайдасына үгүт жүргүзүүгө милдеттүү эмес экенин да эскерткен. Бул тууралуу ал 23-ноябрда өткөн республикалык кеңешмеде айткан. Ошол эле учурда мамлекет башчысы алар жарандардын шайлоого катышуу активдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшүүгө милдеттүү экенин белгилеген.

“Аким, губернатор, айыл өкмөттөр шайлоо күнү пассивдүү болбой, эл аралап, “шайлоого бар, кимди шайласаң да шайлоого катышып кой” деп өзүңүздөрдүн аймактарыңыздардагы тургундарды катыштырууга милдеттүүсүздөр”, - деген Жапаров.

Президент соңку шайлоолордо катышуу көрсөкүчү төмөн болуп жатканын, буга байланыштуу шарт түзгөн өзгөртүүлөр, аралыктан добуш берүү боюнча мыйзамдар кабыл алынганын белгилеген.

Шайлоону 27-январга – аптанын шаршемби күнүнө коюлушунун бир себеби да добуш берүүнүн көрсөткүчүн көбөйтүү аракети болгонун түшүндүргөн.

Жапаровдун “2027-жылдын 27-январында президенттик шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча” жарлыгына ылайык, мектеп жана жогорку окуу жайлардын мугалимдерин, окуучуларды, студенттерди, социалдык камсыздоо органдарынын, медициналык мекемелердин кызматкерлерин, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерин кайсы бир талапкерди колдоп шайлоо алдындагы үгүт иштерине тартууга тыюу салынат.

Министрлер кабинетине мыйзамсыз түрдө шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышкан, кызматтык абалынан пайдаланып кайсы бир талапкердин пайдасына иш жүргүзгөн өкмөт мүчөлөрүн тартиптик жоопкерчиликке тартуу, зарыл болсо кызматтан бошотуу тапшырмасы коюлган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров шайлоодо административдик ресурс колдонулбай турганын, мындай көрүнүш катталса, чара көрүлөрүн убада кылган.

  • 16x9 Image

    Кундуз Кызылжарова

    "Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.

​
XS
SM
MD
LG