Венгриянын баш калаасы Будапешттеги сейил бакка Чыңгыз Айматовдун аты коюлду. Сейил бакка кыргыз жазуучусунун ысымын ыйгаруу салтанаты Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Венгриядагы иш сапарынын учурунда болду. Будапешт шаарынын мэри Гергей Карачонь Чыңгыз Айтматовдун таланты жана чыгармачылыгы тууралуу айтып, венгер окурмандарынын сүйүктүү жазуучусунун атын алып жүргөн жай эми Будапештте бар экендигин канааттануу менен белгиледи.
Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн жана Кыргызстан элинин атынан бул сейил бакка улуу жазуучунун ысымын ыйгаргандыгы үчүн венгер элине ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Чыңгыз Айтматовдун 50гө жакын чыгармасы венгер тилине которулган. Айтматов Венгриянын мамлекеттик жогорку ордени — Офицердик крест менен сыйланган. (ZKo)
Дагы караңыз
Президент Жээнбеков биологиялык ар түрдүүлүк боюнча саммитте видео кайрылуу жасадыТоолуу Карабакта атышуу уланууда КТРК: Телетаймаш учурунда жарыктын өчүшүнө Батыш РЭСиндеги кырсык себеп болгонТрамп менен Байден кайым айтыштыЭлТР «Азаттыктын» көрсөтүүсүн эфирге чыгаруудан баш тарттыОшто санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин бузулушу иликтене баштады