Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Ошто санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин бузулушу иликтене баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин бузулушу боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы 30-сентябрда билдирди. Маалыматка караганда, 27-сентябрдан тартып Ош облусунун жетекчилиги ички иштер органдары, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана санитардык-эпидемиологиялык станциянын кызматкерлери менен бирге коронавируска байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык талаптардын аткарылышына көзөмөлдү күчөткөн. Коомдук жайларда жана эл көп чогулган жерлерде рейддер жүргүзүлгөн.

Рейд учурунда Кара-Суу районунда «Элдорадо гранд» рестораны менен Дыйкан-Кыштак айылындагы «Кербен» ресторанында эреже бузулганы аныкталган. Буга байланыштуу Жоруктар кодексинин 127-беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталды.

Кара-Кулжа районундагы «Дөөлөтбай» кафеси тазалык эрежелерин сактаган эмес деген негизде үч миң сом айыпка жыгылды.

Облустук милиция коронавирус жайылып жатканына жана жапырт иш-чараларга чектөө бар экенине карабай, кафе-ресторандарда той-топурлар көбөйгөнүн, айрым жарандар беткап тагынбай, санитардык эрежелерди сактабай жатканын билдирди. Мекеме жарандарды өздөрүнүн коопсуздугу үчүн санитардык талаптарды аткарууга чакырды.

COVID-19 пандемиясынан улам Кыргызстанда бир катар чектөөлөр бар. Кафе-ресторандарга той-аш өткөрүүгө, эл көп катышуучу иш-чараларга тыюу салынган. Мындай талапты аткарбаган юридикалык жактарга 13 миң, жеке адамдарга үч миң сом айыппул салынат. Буга чейин Бишкекте эреже сактабай, той-топур өткөргөн бир канча кафе-ресторандар, клубдар аныкталган. Ошондой эле айыппул төлөп коюп эле той өткөргөндөр көп экени, 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүндө санитардык талаптар бузулуп жатканы коомчулукта айтылып келет.

Маселе өкмөттө да бир нече ирет көтөрүлүп, айыппулду көбөйтүү тууралуу сунуштар айтылган. Президент жана премьер-министр саясий партияларды санитардык эрежелерди сактоого чакырышкан.

Статистика акыркы күндөрү Кыргызстанда COVID-19 жугузуп алгандар улам көбөйүп жатканын көрсөтүп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG